КАҢЛЫ
КАҢЛЫ , к а ң д ы – байыркы түрк урууларынын бирикмеси. Айрым окумуштуулардын пикири б-ча К-лар юэчжи уруулары м-н тектеш болуп, б. з. ч. 2-к. – б. з. 5-к-нда алардан бөлүнүп, Талас ж-а Аму-Дарыянын жээгине өз алдынча мамлекет (к. Каңгүй) түзүшкөн. Усундардын кысымынан алар Каспий ж-а Арал деңиздерин бойлой жылган, 568-ж. түрктөргө келген византиялык элчи Земарх К-лардын жери аркылуу өткөнүн жазат. Диний көз карашы б-ча зороастризмди тутуп, ай-күн ж-а айрым жапайы жаныбарларга сыйынышкан (к. Тотемизм, Фетишизм). Алар алан, эфталит, сармат уруулары, Хазар кагандыгы, Батыш Түрк кагандыгы ж-а согду, араб мамлекеттери, Караханид мамлекети м-н күрөш жүргүзүп, кээ бир учурда көз каранды абалда турушкан. 10–11-к-да кыпчактардын үстөмдүгү күчөгөндө алардын союзуна кирсе, 13-к-да союздун орчундуу бөлүгүн түзүп калган. Рашид ад-Диндин маалыматы б-ча К-лар найман ж-а кыргыздар м-н жамаатташ Элуй Сирас ж-а Көк Ирдыш (Иртыш) д-нын ортосунда жайгашкан. Плано Карпини ж-а Рубрук 13-к-да К-ларды Сыр-Дарыянын төмөнкү агымында, Кара-Кумга чектеш аймакты мекендеген дешет. 13-к-да К-лар О. Азия аймагына (огуз-кыпчак этностук чөйрөсүнө) чачырап, ногой, кара калпак, казак, крым татарлары ж. б. элдердин этностук негизин түптөгөн. К. уруусу
кыргыз урууларынын ичиндеги Булг(а)чынын тукуму катары Сайф ад-Дин Аксыкенти жазган «Мажму ат-Таварихте» эскерилет.
Ад.: Абул-Гази бахадур хан. Родословие тюрков.
Казань. 1908; Бартольд В. В. К истории культурной жизни Туркестана. Л., 1927.