КАҢЛЫ
КАҢЛЫ , к а ң д ы – байыркы түрк урууларынын бирикмеси. Айрым окумуштуулардын пикири боюнча каңлылар юэчжи уруулары м-н тектеш болуп, б. з. ч. 2-кылымда – б. з. 5-кылымында алардан бөлүнүп, Талас ж-а Аму-Дарыянын жээгине өз алдынча мамлекет (к. Каңгүй) түзүшкөн. Усундардын кысымынан алар Каспий ж-а Арал деңиздерин бойлой жылган, 568-жылы түрктөргө келген византиялык элчи Земарх каңлылардын жери аркылуу өткөнүн жазат. Диний көз карашы боюнча зороастризмди тутуп, ай-күн ж-а айрым жапайы жаныбарларга сыйынышкан (к. Тотемизм, Фетишизм). Алар алан, эфталит, сармат уруулары, Хазар кагандыгы, Батыш Түрк кагандыгы ж-а согду, араб мамлекеттери, Караханид мамлекети м-н күрөш жүргүзүп, кээ бир учурда көз каранды абалда турушкан. 10–11-кылымдарда кыпчактардын үстөмдүгү күчөгөндө алардын союзуна кирсе, 13-кылымда союздун орчундуу бөлүгүн түзүп калган. Рашид ад-Диндин маалыматы боюнча каңлылар найман ж-а кыргыздар м-н жамаатташ Элуй Сирас ж-а Көк Ирдыш (Иртыш) дарыяларынын ортосунда жайгашкан. Плано Карпини ж-а Рубрук 13-кылымда каңлыларды Сыр-Дарыянын төмөнкү агымында, Кара-Кумга чектеш аймакты мекендеген дешет. 13-кылымда каңлылар Орто Азия аймагына (огуз-кыпчак этностук чөйрөсүнө) чачырап, ногой, кара калпак, казак, крым татарлары ж. б. элдердин этностук негизин түптөгөн. Каңлы уруусу кыргыз урууларынын ичиндеги Булг(а)чынын тукуму катары Сайф ад-Дин Аксыкенти жазган «Мажму ат-Таварихте» эскерилет.
Ад.: Абул-Гази бахадур хан. Родословие тюрков. Казань. 1908; Бартольд В. В. К истории культурной жизни Туркестана. Л., 1927.