КАРАБАХ ЖАҢЖАЛЫ
КАРАБА́Х ЖАҢЖАЛЫ (1988) – Азербайжан м-н Армениянын ортосундагы куралдуу чатак. Азербайжандын курамына кирген Тоолуу Карабах АОнун калкынын көбүн армян улуту түзгөндүктөн, Арменияга биригүү үчүн алардын массалык кыймылы башталган. 1988-ж. 20-февралда обл. кеңештин сессиясынын кабыл алган чечиминен соң, 17-мартта Степанакертте Арменияга биригүү ж-дө армян элинин массалык демонстрациясы (75000 адам катышкан) болгон. 1988-ж. 15-июнда Армениянын курамына Тоолуу Карабахты кошуу ж-дө Армян ССР Жогорку Cоветинин сессиясынын чечимин үч күндөн кийин Азербайжан ССР Жогорку Совети жараксыз деп тапкан. Ал чечимге каршы чыккан Тоолуу Карабах обл. совети 12-июлда облусту Азербайжандын курамынан чыгаруу ж-а Арменияга бириктирүү ж-дө жарыя кылган. 18-июлда СССР Жогорку Советинин Президиуму бул чечимди жокко чыгарган. Мындай тирешүүлөр Тоолуу Карабахтын ар кайсы райондорунда армян ж-а азербайжан улуттарынын ортосунда кандуу кагылышууларга алып келген. Азербайжан м-н Армения Тоолуу Карабах Респ-нын статусун чечүү б-ча иш жүргүзүүдө.