КАРАБАХ ЖАҢЖАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАБА́Х ЖАҢЖАЛЫ (1988) – Азербайжан м-н Армениянын ортосундагы куралдуу чатак. Азербайжандын курамына кирген Тоолуу Ка­рабах АОнун калкынын көбүн армян улуту түзгөндүктөн, Арменияга биригүү үчүн алардын массалык кыймылы башталган. 1988-жылы 20-фев­ралда облустук кеңештин сессиясынын кабыл алган чечиминен соң, 17-мартта Степанакертте Арме­нияга биригүү жөнүндө армян элинин массалык демонстрациясы (75000 адам катышкан) болгон. 1988-жылы 15-июнда Армениянын курамына Тоо­луу Карабахты кошуу жөнүндө Армян ССР Жогор­ку Cоветинин сессиясынын чечимин үч күндөн кийин Азербайжан ССР Жогорку Совети жарак­сыз деп тапкан. Ал чечимге каршы чыккан Тоо­луу Карабах облустук совети 12-июлда облусту Азер­байжандын курамынан чыгаруу ж-а Армения­га бириктирүү жөнүндө жарыя кылган. 18-июлда СССР Жогорку Советинин Президиуму бул че­чимди жокко чыгарган. Мындай тирешүүлөр Тоо­луу Карабахтын ар кайсы райондорунда армян ж-а азербайжан улуттарынын ортосунда кан­дуу кагылышууларга алып келген. Азербайжан м-н Армения Тоолуу Карабах Республикасынын стату­сун чечүү б-ча иш жүргүзүүдө.