КАРА-АЧА
КАРА-АЧА , К а л и н и н – Жалал-Абад облнун Базар-Коргон р-нундагы кыштак. Беш- Бадам айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 815 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыш-нан 8 км түн.-чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 36 км. Кыштак 1900-ж. негизделген. Калкы 2485 (2008); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана ж-а мечит бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ФАП иштейт.