КАРА-АЧА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-АЧА , К а л и н и н – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Беш- Бадам айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 815 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 8 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 36 км. Кыштак 1900-жылы негизделген. Калкы 2485 (2008); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана ж-а мечит бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ФАП иштейт.