КАРА-АЛМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:11, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-АЛМА – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Кара-Алма айыл округуна караштуу. «Кара-Алма» токой чарбасынын бор­бору. Деңиз деңгээлинен 1420 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 62 км түндүк-чыгыш тарапта. Багыш темир жол бекетинен 40 км­дей. Кыштак 1934-жылы негизделген. Калкы 2029 (2007); негизинен токойчулукта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү ж-а ФАП бар.