КАРА-АЛМА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-АЛМА – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Кара-Алма айыл округуна караштуу. «Кара-Алма» токой чарбасынын борбору. Деңиз деңгээлинен 1420 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 62 км түндүк-чыгыш тарапта. Багыш темир жол бекетинен 40 кмдей. Кыштак 1934-жылы негизделген. Калкы 3135 (2022); негизинен токойчулукта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү ж-а ФАП бар.