КЕҢДИК БАРИТ КЕНИ
КЕҢДИК БАРИ́Т КЕНИ Нарын обл-нун Жумгал р-нунда, Чаек кыш-нан 65 км түш.-батышта, деңиз деңг. 2500 м бийикте. 1958-ж. изилденип, бааланган. Алгачкы таш көмүр мезгилинде пайда болгон чөкмө катмардын ичинде калыңдыгы 0,8–1,2 м, уз. 20–84 м болгон бариттин үч тарамы кездешет. Барит өзүнүн хим. сапаты б-ча А классына тийиштүү ж-а литопон күкүмүн алууга жарамдуу. Эсептелген запасы С1 категориясы б-ча 492 т, С – 3463 т, С +С – 3955 т.
2 1 2