КЕҢДИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢДИК – Жердин, Күндүн, Айдын, планета­лардын бетиндеги ж-а асман чөйрөсүндөгү че­киттин абалын экваторго салыштырмалуу (эк­липтика) аныктоочу геогр. координаталардын бири. Төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт: aстр. К. – берилген чекиттен өтүүчү тик сызык м-н Жер экваторунун тегиздигинин аралыгындагы бурч; геод. К. – референц-эллипсоид бети м-н жер эк­ваторунун тегиздигинин аралыгындагы бурч, карталарга жазылат. Астр. К. асман телолорун, ал эми геод. К. геод. өлчөөлөрдү (мис., триангу­ляция) жүргүзүү м-н аныкталат. Экватордон түндүктү ж-а түштүктү карай 0°тан 90°ка чейин эсептелинет. О. эле к. Географиялык координа­талар, Асман координаталары.