КЕН БАЙЛЫКТАР КАРТАСЫ
КЕН БАЙЛЫКТАР КАРТАСЫ – пайдалуу кендердин ар кандай түрлөрү көрсөтүлгөн геол., геогр., экон. ж. б. карта. Геол. изилдөөлөрдүн негизинде түзүлөт. Белгилүү аймактын геол. ж-а тектон. түзүлүшү, тоо тектери (түрлөрү, орун алышы, жайгашуу тартиби, пайда болуу мезгили, стратигр. бөлүнүштөрү, ташка айланган орг. калдыктары), кен байлыктардын түрлөрү шарттуу белгилер м-н көрсөтүлөт. Масштабы, геол. кесиндилер, стратигр. мамыча берилет.