КЕН БАЙЛЫКТАР КАРТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕН БАЙЛЫКТАР КАРТАСЫ – пайдалуу кен­дердин ар кандай түрлөрү көрсөтүлгөн геологиялык, географиялык, экономикалык ж. б. карта. Геологиялык изилдөөлөрдүн негизинде түзүлөт. Белгилүү аймактын геологиялык ж-а тектоникалык түзүлүшү, тоо тектери (түрлөрү, орун алышы, жайгашуу тартиби, пайда болуу мез­гили, стратигр. бөлүнүштөрү, ташка айланган органикалык калдыктары), кен байлыктардын түрлөрү шарттуу белгилер м-н көрсөтүлөт. Масштабы, геологиялык кесиндилер, стратигр. мамыча берилет.