КЕМИРЧЕКТҮҮ БАЛЫКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕМИРЧЕКТҮҮ БАЛЫКТАР (Chondrichthyes) – омурткалуу жаныбарлар классы. Скелети ке­мирчектүү. Дене уз. 6 смден 20 мге чейин жетет, түрпү м-н капталган. 4–7 бакалоор жылчыгы


бар, сүзгүч ыйлаакчасы жок. Заара-жыныс ж-а арткы тешиги курсак сүзгүчтүн түбүндө жайгаш­кан. Урук чачып көбөйөт, кээси тирүү тууйт. 2 классчага (эбелек бакалоордуулар ж-а туяк баш­туу балыктар) бөлүнөт. Азыр 140тай уруусу ж-а 630дай түрү деңизде, бир нече түрү тузсуз сууда жашайт.