КЕМИРЧЕКТҮҮ БАЛЫКТАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕМИРЧЕКТҮҮ БАЛЫКТАР (Chondrichthyes) – омурткалуу жаныбарлар классы. Скелети кемирчектүү. Дене узундугу 6 смден 20 мге чейин жетет, түрпү м-н капталган. 4–7 бакалоор жылчыгы бар, сүзгүч ыйлаакчасы жок. Заара-жыныс ж-а арткы тешиги курсак сүзгүчтүн түбүндө жайгашкан. Урук чачып көбөйөт, кээси тирүү тууйт. 2 классчага (эбелек бакалоордуулар ж-а туяк баштуу балыктар) бөлүнөт. Азыр 140тай уруусу ж-а 630дай түрү деңизде, бир нече түрү тузсуз сууда жашайт.