КЕЛТИРИЛБЕС КӨП МҮЧӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЛТИРИЛБЕС КӨП МҮЧӨ – төмөнкү даража­луу көбөйтүүчүлөргө ажырабаган көп мүчө. Көп мүчөнүн көбөйтүүчүлөргө ажырашы ж-а кел­тирилбес касиети анын коэфф-и кандай сандан турганына байланыштуу. Мис., эгер коэфф. үчүн жалаң рационалдуу гана сандарды алсак, х3+2 көп мүчөсү келтирилбес болот. Ал эми коэфф. үчүн чыныгы сандарды алсак, анда аны келти­рилбес эки көп мүчөнүн көбөйтүндүсүнө ажыра­тууга болот: (х+ 3 2 )(х2–х 3 2 + 3 4 ). Даражасы нөлдөн чоң болгон көп мүчө берилген талаада К. к. м-гө бирден-бир гана жол м-н (туруктуу көбөйтүүчүлөргө чейинки тактыкта) ажыраты­лат. Эгер көп мүчө туюк коэфф-тер талаасынын алг. К. к. м. болсо, анда абс. К. к. м. деп ата­лат. Мис., бир өзгөрмөлүү 1-даражалуу көп мүчө абс. К. к. м. болот. Чыныгы сандар талаасында 2-даражалуу бир өзгөрмөлүү көп мүчө анын дис­криминанты терс болгондо гана К. к. м. болот.


Ад.: Ван-дер-Варден Б. Л. Алгебра / Пер. с нем. М., 1976.