КЕДРИНА
КЕ́ДРИНА Зоя Сергеевна [18 (31). 8. 1904, Москва – 1998, ошол эле жер] – адабиятчы, филология илимд. доктору (1974), сынчы, котормочу. Москвадагы Горький атн. Дүйнөлүк ад-т интун (1938) бүтүргөн. Адабий сынчылык ишин 1930-жылдары казак ад-ты б-ча макала жазуудан баштаган. К-нын орус ж-а СССР элдеринин ад-тынын ар кыл маселелерин изилдөөгө арналган китептери, 300дөн ашуун адабий-сын макалалары жарык көргөн. Ал кыргыз ад-ты м-н ад-т таануу илиминин айрым маселелери ж-а
Ч. Айтматов, Т. Сыдыкбеков, А. Осмонов, Т. Касымбеков ж. б. акын-жазуучулардын чыг-лыктары тууралуу ондогон макалалардын автору.
Өзбек ССРинин Бируни атн. мамл. сыйл. лауреаты (1970). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Мухтар Ауэзов. М., 1952; Литературно-критические статьи. М., 1960; Главное – человек. М.,
1972.