КЕГЕТИ МРАМОР КЕНИ
КЕГЕТИ МРА́МОР КЕНИ Чүй р-нунун аймагында, Токмок ш-нан 32 км түш.-батышта, Ысык- Ата м-н Кегети өрөөндөрүнүн аралыгында. Кен протерозойдун мраморго айланган акиташ тектеринен турат. Мрамор майда кристаллдуу, сары, жашыл, серпентиндешкен саргыч, графиттешкен кара мрамор болуп, бир нече түргө бөлүнөт. Жалпы калыңдыгы 15–18 м, уз. 1750 м. Жакшы сайкалданат. Блоктуулугу 20х20х10 см. Запасы 3,41 млн м3. Кендеги мрамордон кооз буюмдарды жасоого болот.