КЕГЕТИ МРАМОР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕГЕТИ МРА́МОР КЕНИ Чүй районунун аймагын­да, Токмок шаарынан 32 км түштүк-батышта, Ысык- Ата м-н Кегети өрөөндөрүнүн аралыгында. Кен протерозойдун мраморго айланган акиташ тек­теринен турат. Мрамор майда кристаллдуу, сары, жашыл, серпентиндешкен саргыч, графит­тешкен кара мрамор болуп, бир нече түргө бө­лүнөт. Жалпы калыңдыгы 15–18 м, узундугу 1750 м. Жакшы сайкалданат. Блоктуулугу 20х20х10 см. Запасы 3,41 млн м3. Кендеги мрамордон кооз буюмдарды жасоого болот.