КЕГЕТИ (Чүй районундагы суу)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕГЕТИ – Чүй р-нундагы суу. Кыргыз Ала-Тоо­сунун түн. капталынан башталып, Чүй д-на жетпей сугатка бөлүнүп кетет. Уз. 55 км, ала­бынын аянты 290 км2. Баш жагында токойлуу кууш өрөөн м-н агып, нугунда шагыл таштар, босоголор бар. Тоодон чыга бериште өрөөнү кеңе­йип, салааларга бөлүнүп кетет. Жылдык орт. чыгымы 2,34 м3/сек. Эң көп чыгымы июлда, эң азы февралда байкалат. Декабрда тартылып, май айында кире баштайт. Ири куймасы – Көл- Төр (17 км). Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Кегети, Ак-Бешим ж. б. кыш. жайгашкан.