КЕГЕТИ (Чүй районундагы суу)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕГЕТИ – Чүй районундагы суу. Кыргыз Ала-Тоо­сунун түндүк капталынан башталып, Чүй дарыясына жетпей сугатка бөлүнүп кетет. Узундугу 55 км, ала­бынын аянты 290 км2. Баш жагында токойлуу кууш өрөөн м-н агып, нугунда шагыл таштар, босоголор бар. Тоодон чыга бериште өрөөнү кеңе­йип, салааларга бөлүнүп кетет. Жылдык орточо чыгымы 2,34 м3/сек. Эң көп чыгымы июлда, эң азы февралда байкалат. Декабрда тартылып, май айында кире баштайт. Ири куймасы – Көл-Төр (17 км). Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Кегети, Ак-Бешим ж. б. кыштактар жайгашкан.