КВЕБЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВЕБЕ́К – Канаданын чыгыш бөлүгүндөгү шаар.
Квебек провинциясынын адм. борбору. Ыйык Лаврентий д-нын чатында жайгашкан порт (2006-ж. 23 млн т жүк ташылган). Калкы 668,5 миң (2008; шаар айланасы м-н 695,8 миң); кал­кынын саны б-ча өлкөдөгү 7-шаар. Ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1535-ж. фран­цуз деңиз сүзүүчүсү Ж. Картье чоң кыштак бар экенин байкаган. 1663–1759-ж. Франция ээли­гинин борбору, 1674-жылдан епископтуктун ре­зиденциясы болгон. 1867-жылдан ушундай ата­лыштагы провинциянын адм. борбору. Арх-ра эстеликтери: цитадель (1820–31), Отель-Дьё (1644; Түн. Америкадагы алгачкы оорукана), се­минария (1663; учурда музей), классицизм сти­линдеги базилика – Жаңы Франциянын баш­кы католик собору (1647), Ыйык Троица англи­кан собору (1800–04), Шевалье чарбагы (17– 18-к.) ж. б. Эстеликтер тургузулган. Жеңил, та­мак-аш, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, кеме куруу ө. ж. ишканалары иштейт. Лаваль ун­ти, китепканалар, улуттук музей, театр бар. Жыл сайын кино ж-а театр фестивалдары, кар­навалдар өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн (жы­лына 6 млн турист келет).