КВЕБЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВЕБЕ́К – Канаданын чыгыш бөлүгүндөгү шаар. Квебек провинциясынын административдик борбору. Ыйык Лаврентий дарыясынын чатында жайгашкан порт (2006-жылы 23 млн т жүк ташылган). Калкы 677,9 миң (2018; шаар айланасы м-н 695,8 миң); кал­кынын саны боюнча өлкөдөгү 7-шаар. Ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1535-жылы фран­цуз деңиз сүзүүчүсү Ж. Картье чоң кыштак бар экенин байкаган. 1663–1759-жылдарда Франция ээли­гинин борбору, 1674-жылдан епископтуктун ре­зиденциясы болгон. 1867-жылдан ушундай ата­лыштагы провинциянын административдик борбору. Архитектура эстеликтери: цитадель (1820–31), Отель-Дьё (1644; Түндүк Америкадагы алгачкы оорукана), се­минария (1663; учурда музей), классицизм сти­линдеги базилика – Жаңы Франциянын баш­кы католик собору (1647), Ыйык Троица англи­кан собору (1800–04), Шевалье чарбагы (17–18-кылымдар) ж. б. Эстеликтер тургузулган. Жеңил, та­мак-аш, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, кеме куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Лаваль университети, китепканалар, улуттук музей, театр бар. Жыл сайын кино ж-а театр фестивалдары, кар­навалдар өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн (жы­лына 6 млн турист келет).