КВАРЦИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАРЦИ́Т – кварц минералынан турган, мета­морфизмделген тоо тек.

Курамында слюда (мус­ковит, серицит, пирофиллит), турмалин, сил­лиманит, диаспор, топаз, андалузит, хлорит, эпидот, тальк, талаа шпаты ж. б. кездешет. Өңү каралжын, күрөң, кызгылтым, көгүш, агала.
Отко чыдамдуу. Курамында SiO2 95–99%ке же­тет. Кварцтуу кумдуктар м-н айрым магма тек­тердин күчтүү өзгөрүшүнөн пайда болот. Темир, цинк, коргошун, жез, молибден, алтын ж. б. кендери байланыштуу. Отко чыдамдуу мате­риалдарды жасоодо, металлургияда (флюс ка­тары), курулуш ишинде кеңири пайдаланылат.


Айрым түрү кай­рак таш катары колдонулат. О. Азия, Казакстан, Урал, Ы. Чыгыш­та көп жолугат. Кырг-нда байыр­кы тектер м-н бир­ге кездешет. Гид­ротерм процессинен өзгөрүүлөргө дуушар болсо, э к и н ч и же т у у н д у К. деп аталат.