КВАРЦИТ
КВАРЦИ́Т – кварц минералынан турган, метаморфизмделген тоо тек.

Курамында слюда (мусковит, серицит, пирофиллит), турмалин, силлиманит, диаспор, топаз, андалузит, хлорит, эпидот, тальк, талаа шпаты ж. б. кездешет. Өңү каралжын, күрөң, кызгылтым, көгүш, агала.
Отко чыдамдуу. Курамында SiO2 95–99%ке жетет. Кварцтуу кумдуктар м-н айрым магма тектердин күчтүү өзгөрүшүнөн пайда болот. Темир, цинк, коргошун, жез, молибден, алтын ж. б. кендери байланыштуу. Отко чыдамдуу материалдарды жасоодо, металлургияда (флюс катары), курулуш ишинде кеңири пайдаланылат. Айрым түрү кайрак таш катары колдонулат. Орто Азия, Казакстан, Урал, Ыраакы Чыгышта көп жолугат. Кыргызстанда байыркы тектер м-н бирге кездешет. Гидротерм процессинен өзгөрүүлөргө дуушар болсо, э к и н ч и же т у у н д у кварцит деп аталат.