КАШКЕЛЕҢ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКЕЛЕҢ – Чүй обл-нун Кемин р-нундагы кыштак. Кызыл-Октябрь айыл округуна караш­туу. Пишпек – Балыкчы т. ж-нун боюнда, де­ңиз деңг. 1090 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору ж-а т. ж. бекети Кемин шаарча­сынан 1,5 км түш.-чыгыш тарапта. Кыштак 1929-ж. негизделген. Калкы 1002 (2007); неги­зинен мал м-н алектенет.