КАШКЕЛЕҢ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКЕЛЕҢ – Чүй облусунун Кемин районундагы кыштак. Кызыл-Октябрь айыл округуна караш­туу. Пишпек – Балыкчы темир жолунун боюнда, де­ңиз деңгээлинен 1090 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору ж-а темир жол бекети Кемин шаарча­сынан 1,5 км түштүк-чыгыш тарапта. Кыштак 1929-жылы негизделген. Калкы 713 (2022); неги­зинен мал м-н алектенет.