КАШКА-СУУ ВОЛЬФРАМ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКА-СУУ ВОЛЬФРА́М КЕНИ Нарын р-нун­да, Нура тоосунун түн. капталында, Оттук кыш-нан 58 км чыгышта, деңиз деңг. 3250– 3650 м бийикте. 1943–45-ж. чалгындалып, за­пасы эсептелген. Кен аймагы карбон мезгилин­деги турне ярусунун акиташ катмарынан ж-а аны жиреп чыккан гранит, гранодиорит интру­зиясынан турат. Кен интрузия м-н акиташ кат­марынын түн. чегиндеги скарн тулкусу м-н бай­ланышкан. Башкы скарн тулкусу Кашка-Суу­нун сол жээги б-ча 840 мге чейин созулат. Негиз­ги минералдары: шеелит, молибденит, антимо­нит, арсенопирит, пирит, халькопирит. Воль­фрам үч оксидинин орт. өлчөмү 0,3–0,37%. Кен­таштын С2 категориясы б-ча запасы 218,3 миң т. Болжолдуу ресурсу 3410,2 миң т. Вольфрам үч оксидинин С2 категориясы б-ча запасы 814 т, бол­жолдуу ресурсу 10201 т.