КАШКАР-КЫШТАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКАР-КЫШТАК – Ош обл-нун Кара-Суу р-нундагы кыштак. Кашкар-Кыштак айыл ок­ругуна караштуу. Ош – Бишкек автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 860 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу ш-нан 10 км түш.-батыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 0,5 км. Кыштак 1870-ж. негизделген. Калкы 15 765 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Эки орто мектеп, китепкана, мад-т үйү, оорукана, бейтапкана, дарыканалар бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, базарча, тамактануучу жайлар, чакан ишканалар иштейт.