КАШКАР ЖУП ЖАЛБЫРАКЧАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКАР ЖУП ЖАЛБЫРАКЧАСЫ (Zygo- phyllum kascharicum) – жуп жалбырактуулар тукумундагы ийри-буйру өркүндүү бадал. Кабы­гы кырдуу, боз түстө, жыгачы сары. Жан жал­быракчалары майда, жаргак сымал. Жаш өркүндөрүндө жалбырактары тушташ экиден, эскилеринде топтошуп жайгашат. Гүлдөрү сап­туу, 1–2ден жалбырак колтугунда жайгашат, жалбыракчалары 3 (4), эттүү, сүйрү мөмөсүндө кала берет. Кутучаларынын уз. 23 ммге жакын, эни 1–3 мм. Сүйрү, түп жагы учтуу, чоку жагы жалпак, үч канаттуу, канаттары уясынан 1,5– 2 эсе жазы. Уясында 1–2 уругу саргыч. Мөмөсү август айында бышат. Деңиз деңг. 1400–1700 м бийикте таштак чөлдөрдө кездешет. Кашкарга жакын тоо кыркаларында, Кырг-ндын Борб. Теңир-Тоо кыркаларында кездешет.