КАШКАР ЖУП ЖАЛБЫРАКЧАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКАР ЖУП ЖАЛБЫРАКЧАСЫ (Zygo-phyllum kascharicum) – осумдуктордун жуп жалбырактуулар тукумундагы ийри-буйру өркүндүү бадал. Кабы­гы кырдуу, боз түстө, жыгачы сары. Жан жал­быракчалары майда, жаргак сымал. Жаш өркүндөрүндө жалбырактары тушташ экиден, эскилеринде топтошуп жайгашат. Гүлдөрү сап­туу, 1–2ден жалбырак колтугунда жайгашат, жалбыракчалары 3 (4), эттүү, сүйрү мөмөсүндө кала берет. Кутучаларынын узундугу 23 ммге жакын, эни 1–3 мм. Сүйрү, түп жагы учтуу, чоку жагы жалпак, үч канаттуу, канаттары уясынан 1,5–2 эсе жазы. Уясында 1–2 уругу саргыч. Мөмөсү август айында бышат. Деңиз деңгээлинен 1400–1700 м бийикте таштак чөлдөрдө кездешет. Кашкарга жакын тоо кыркаларында, Кыргызстандын Борбордук Теңир-Тоо кыркаларында осот..