КАПЧЫГАЙ (өрөөн)
КАПЧЫГАЙ – Түш. Теңир-Тоодогу кууш өрөөн.
Түштүгүнөн Алайкуу, Академик Адышев кырка тоолору, түндүгүнөн Фергана тоо тизмеги м-н чектешет. Кара-Кулжа р-нунун аймагында.
Уз. 80 км. Таманы деңиз деңг. 1200–2000 м бийикте. Кууш капчыгайлуу, кокту-колоттуу; Фергана тоо тизмеги тарабы жантайыңкы, Алайкуу жагы тик. Негизинен палеозойдун сланец, алевролит, кум-шагыл, конгломерат, акиташ тектеринен түзүлгөн. Жайы ысык (июлдун орт. темп-расы 15°С), кышы суук, ызгаардуу (январдыкы –16°С). Өрөөн аркылуу Тар суусу агып
өтөт. Негизинен талаа (1300–1600 м), токойлуу талаа (1600–1900 м), токойлуу шалбаа (1900–
2500 м) ландшафттары мүнөздүү. Дыйканчылыкта пайдаланылат. Өрөөндө жайыт, чабынды жерлер да бар.