КАОЛИН
КАОЛИ́Н (Кытайдагы фарфор чопосу орун алган Као-Лин тоосунун атынан) – негизинен каолинит минералынан турган чопо сыяктуу тоо тек. Курамында талаа шпаты, кварц, өтө майда талкаланган слюда кездешет. Нымдуу, жылуу, субтропиктик шартта талаа шпатынын хим. жол м-н эзилип эришинен пайда болот. Мында курамында талаа шпаты бар гранит, габбро, гнейс, слюдалуу сланец, аркоз кумдугу сыяктуу тектер катышат. К. жер бетинде көп тараган тектердин катарына кирет. Улуу Британияда (Корнуолл), Германияда (Дрезден аймагы), Чехияда (Карловы-Вары аймагы), АКШда (Жоржия штаты), Украинада, Россияда (Урал, Краснояр крайы), Казакстанда жолугат. Кырг-ндын бардык жерине тараган. Бирок көп топтолгону жокко эсе. Кагаз, хим., резина ө. ж-нда, карапа (фарфор, фаянс) жасоодо, медицинада, парфюмерияда колдонулат.
Ад.: Каолины / Под ред. В. П. Петрова. М., 1974.