КАОЛИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАОЛИ́Н (Кытайдагы фарфор чопосу орун ал­ган Као-Лин тоосунун атынан) – негизинен као­линит минералынан турган чопо сыяктуу тоо тек. Курамында талаа шпаты, кварц, өтө май­да талкаланган слюда кездешет. Нымдуу, жы­луу, субтропиктик шартта талаа шпатынын химиялык жол м-н эзилип эришинен пайда болот. Мында курамында талаа шпаты бар гранит, габ­бро, гнейс, слюдалуу сланец, аркоз кумдугу сы­яктуу тектер катышат. Каолин жер бетинде көп та­раган тектердин катарына кирет. Улуу Брита­нияда (Корнуолл), Германияда (Дрезден аймагы), Чехияда (Карловы-Вары аймагы), АКШда (Жор­жия штаты), Украинада, Россияда (Урал, Крас­нояр крайы), Казакстанда жолугат. Кыргызстандын бардык жерине тараган. Бирок көп топтолгону жокко эсе. Кагаз, химия, резина өнөр жайында, карапа (фарфор, фаянс) жасоодо, медицинада, парфю­мерияда колдонулат.

Ад.: Каолины / Под ред. В. П. Петрова. М., 1974.