КАНЫШ-КЫЯ
КАНЫШ-КЫЯ – Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы кыштак, райондун борбору (1985- жылдан). Деңиз деңгээлинен 1655 м бийикте жайгашкан. Калкы 3144 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал м-н алектенет. Орто, 2 негизги ж-а музыкалык мектептер, китепкана, кесиптик-техникалык окуу жайы, балдар чыгармачылык ж-а маданият үйлөрү, балдардын билимин өркүндөтүүчү борбор, мечит, АТС, почта бар. Нан заводу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, оорукана, бейтапкана, дарыкана, аэропорт иштейт.