КАНЫШ-КЫЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНЫШ-КЫЯ – Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы кыштак, райондун борбору (1985- жылдан). Деңиз деңгээлинен 1655 м бийикте жайгаш­кан. Калкы 3330 (2022); негизинен дыйканчы­лыкта эмгектенип, мал м-н алектенет. Орто, 2 негизги ж-а музыкалык мектептер, китепкана, кесип­тик-техникалык окуу жайы, балдар чыгармачылык ж-а маданият үйлөрү, балдардын билимин өркүндөтүүчү бор­бор, мечит, АТС, почта бар. Нан заводу, турмуш-­тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, оорукана, бейтапкана, дарыкана, аэропорт иштейт.