КАНИФОЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНИФО́ЛЬ – ачык сары түстөн кочкул күрөң түскө чейинки айнек сымал морт зат. Ийне жал­бырактуу дарактардын чайырынан скипидарды бөлүп алгандан кийинки калдык. К. эфирде, спиртте, бензолдо ж-а скипидарда – жакшы, бензинде, керосинде, фурфуролдо начар эрийт, сууда эрибейт. 52–75°Сде ысытканда жумшарат; б. эрүү t 100–140°С. К. ж-а андан алынган зат­тар (эфирлери, диендик синтез заттары) кагаз чаптоодо, боёгуч лактарды (алкид, фенол-фор­мальдегид), чайырларды, самын, линолеум, син­тездик каучук, электр өткөрбөөчү тетиктерди өндүрүүдө колдонулат.
КАН КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ Баткен обл-ндагы Совет шаарчасына жакын жайгашкан. 1950-ж. ишке киргизилген. Аян­ты 175 миң м2. Мында Кан кенташ башкарма­лыгында иштетилген калдыктар (коргошун, оор металл ж. б.) сакталат. Гамма нурлануу өлчөмү ж-дө так маалымат жок. Жер титирөөгө турук­туулугу 9 балл.