КАНЗАС-СИТИ
КАНЗАС-СИТИ – АКШнын Ортоңку Батышындагы аты ок шош жанаша турган эки шаар. Канзас ж-а Миссури штаттар ынын чек арасында, Канзас д. Миссури д-на куйган жерде жайгашкан. Калк ы 441,1 миң (2008; Миссури штатындагы) ж-а 142,1 миң (Канзас штатындагы). Бул эки шаар бир агломерацияны түзөт (калкы 1,9 млн; курамына бир нече майда шаарлар кирет). Ири жолдор тоому. Маанил үү дарыя порту. Куур магист рал дар т үй үнү (а. и. газ кууру). Эл аралык аэропорту бар. К.-С-нин агломерациясы өлкөнүн геогр. борборуна жакындыгынан «Американын жүрөгү» деп аталат. К.-С. 1821-ж. негизделген. 1853-жыл-

дан шаар. 1889-жылдан азыркыдай аталат. Шаардын агломерациясы – өлкөнүн башкы тамак-аш (негизинен ун, эт) борбору. Автомобиль чогултуучу, нефть ажыратуу, полигр. (а. и. куттуктоо открыткаларын чыгаруучу дүйнөдөгү эң ири «Hallmark Cards» компаниясынын штабквартирасы), электроника ж. б. ө. ж. ишканалары иштейт. Шаарда бульварлар ж-а фонтандар (200дөн ашык; Парижден гана калышат) көп кездешет. Эл аралык академиялар, ИИИлер, ун-ттер, ин-ттар, китепканалар, музейлер ж. б. бар.