КАНЗАС-СИТИ
КАНЗАС-СИТИ – АКШнын Ортоңку Батышындагы аты окшош жанаша турган эки шаар. Канзас ж-а Миссури штаттары ынын чек арасында, Канзас дарыясы Миссури дарыясына куйган жерде жайгашкан. Калкы 441,1 миң (2008; Миссури штатындагы) ж-а 142,1 миң (Канзас штатындагы). Бул эки шаар бир агломерацияны түзөт (калкы 1,9 млн; курамына бир нече майда шаарлар кирет). Ири жолдор тоому. Маанилүү дарыя порту. Куур магистралдар түйүнү (анын ичинде газ кууру). Эл аралык аэропорту бар. Канзас-Ситинин агломерациясы өлкөнүн географиялык борборуна жакындыгынан «Американын жүрөгү» деп аталат. Канзас-Сити 1821-жылы негизделген. 1853-жыл-

дан шаар. 1889-жылдан азыркыдай аталат. Шаардын агломерациясы – өлкөнүн башкы тамак-аш (негизинен ун, эт) борбору. Автомобиль чогултуучу, нефть ажыратуу, полиграфия (анын ичинде куттуктоо открыткаларын чыгаруучу дүйнөдөгү эң ири «Hallmark Cards» компаниясынын штабквартирасы), электроника ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Шаарда бульварлар ж-а фонтандар (200дөн ашык; Парижден гана калышат) көп кездешет. Эл аралык академиялар, ИИИлер, университеттер, институттар, китепканалар, музейлер ж. б. бар.