КАНДАГАР
КАНДАГА́Р – Афганстандын түш.-чыгышындагы шаар. Кандагар вилаейетинин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Аргандаб д-нын өрөөнүндө, деңиз деңг. 1000 м бийикте, айланма автотрассанын жээгинде жайгашкан. Автомобиль жолу аркылуу Кветта ш. м-н (Пакистан) байланышат. Калкы 347,3 миң (2008); калкынын саны б-ча өлкөдөгү 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Александр Македонский мезгилинде негизделген. 1818–55-ж. Кандагар княздыгынын борбору. 1855-жылдан Афганстандын курамында. Шаар 1979–81-ж. Афган конфликтинде (1979–89) катуу жабыркаган. 1990-жылдын башынан «Талибан» кыймылынын негизги таяныч пункттарынын бири. Алтын жалатылган кумпалуу ж-а кооз мунаралуу Ахмад-шах Дуррани мавзолейи, жума намаз окулчу мечит, сепилдин калдыктары (б. з. ч. 1-миң жылдыкта) ж. б. сакталган. Тамак-аш (жемиштер беленделет), текстиль (кездеме, кийиз, жибек, кыл торко) ө. ж. ишканалары иштейт. Эң эски карапа чыгаруу өндүрүшү, жарым баалуу асыл таштардан, металлдан буюм жасоо, тор токуу ж-а сайма саюу (өзгөчө эркектердин көйнөгүнө ж-а моюн орогучка) өнүккөн. К-га жакын б. з. ч. 5– 4-миң жылдыктардагы тургун жайлардын калдыктары, Мундигак ш-нын урандысы, хан Мир- Вайса мавзолейи, Бабур салдырган аска бетиндеги тепкич ж-а портиктүү оюк (Чихиль- Зина) сакталган.
Т. Чодураев.