КАНДАГАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНДАГА́Р – Афганстандын түштүк-чыгышында­гы шаар. Кандагар вилаейетинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Аргандаб дарыясынын өрөөнүн­дө, деңиз деңгээлинен 1000 м бийикте, айланма авто­трассанын жээгинде жайгашкан. Автомобиль жолу аркылуу Кветта шаары м-н (Пакистан) байла­нышат. Калкы 614,2 миң (2020); калкынын са­ны боюнча өлкөдөгү 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Александр Македонский мезгилинде не­гизделген. 1818–55-жылдарда Кандагар княздыгынын борбору. 1855-жылдан Афганстандын курамын­да. Шаар 1979–81-жылдарда Афган конфликтинде (1979–89) катуу жабыркаган. 1990-жылдын башынан «Талибан» кыймылынын негизги тая­ныч пункттарынын бири. Алтын жалатылган кумпалуу ж-а кооз мунаралуу Ахмад-шах Дур­рани мавзолейи, жума намаз окулчу мечит, се­пилдин калдыктары (б. з. ч. 1-миң жылдыкта) ж. б. сакталган. Тамак-аш (жемиштер беленде­лет), текстиль (кездеме, кийиз, жибек, кыл тор­ко) өнөр жай ишканалары иштейт. Эң эски карапа чыгаруу өндүрүшү, жарым баалуу асыл таш­тардан, металлдан буюм жасоо, тор токуу ж-а сайма саюу (өзгөчө эркектердин көйнөгүнө ж-а моюн орогучка) өнүккөн. Кандагарга жакын б. з. ч. 5–4-миң жылдыктардагы тургун жайлардын кал­дыктары, Мундигак шаарынын урандысы, хан Мир- Вайса мавзолейи, Бабур салдырган аска бе­тиндеги тепкич ж-а портиктүү оюк (Чихиль- Зина) сакталган.

Т. Чодураев.