КАНАДА 2-бөлүк
гана арктика алкагында жайгашкан. Климаттын сезондуулугу даана байкалат, батыштан соккон аба массасы үстөмдүк кылат, аба ырайы кескин өзгөрүп турган циклондук аракет мүнөздүү. Арктика аба массасы чыгыштагы түздүктүү аймактарга зор таасир тийгизет, ага о. эле кургактыкка терең (50–51° түн. кеңдикке чейин)
кирип турган Гудзон булуңу да өбөлгө түзөт. Январдын орт. темп-расы Канадалык Арктика
архипелагынын түндүгүндө –35°Сден Атлантиканын жээктеринде –7...–12°Сге, Тынч океандын жээктеринде 0–4°Сге чейин; июлдун орт.
темп-расы жогорку тартипте 4°С, 18–21°С, 13–
16°С. Аскалуу тоолордун этектеринде (Маккензи өрөөнүндө) жайкы темп-ра ошол эле кеңдиктердеги чыгыш аймактардан 2–6°Сге жогору.
К. Кордильерасынын түш. бөлүгүндөгү деңиз таасиринен алыс жайгашкан тоо аралык өрөөндөрдө ж-а этек тоолордо сутка ичиндеги орт. темп-ра 32°Сден жогору болушу мүмкүн. Жаанчачын мол жааган жерлери – Тынч океандын
жээги (2500 мм) ж-а Атлантика жээгиндеги аймактар (1000–1200 мм), калган жерлеринде 500
мм, арктика аралдарында 150 ммден аз. Кар катмары өлкөнүн бардык аймагында байкалат, калыңдыгы 150 см ж-а андан ашат (Лабрадор ж. а-нда). К-нын 70%ке жакын аймагы а. ч.
өсүмдүктөрүнүн бышып жетилүү чегинен түн. тарапта жайгашкан; бирок түш. аймактарында арктика абасы киргенде үшүк жүрүшү, о. эле түш.-чыгышындагы түздүктөрдө кургакчылык болушу да мүмкүн. Азыркы муздуктарынын жалпы аянты 195 миң км2, анын 146,5 км2и Канадалык Арктика архипелагында. Тоо мөңгүлөрү Ыйык Илья, Жээк ж-а Аскалуу тоолордо жайгашкан. Дарыя тармактары жыш. Алар негизинен кар-жамгыр сууларынан куралат, түздүктөрүндө суусу жазында кирип, Кордильерада жайында ташкындайт. Дарыяларын түштүгүндө 2,5–3 ай, түндүгүндө 8–9 ай муз каптайт. К-нын жеринин 2/ син түзгөн түздүктүү аймагы Атлантика ж-а Түн. Муз океандарынын алаптарына кирет. Мында татаал көл-дарыя системасы түзүлүп, зор аймакта агымды пайда кылат. Алардын ирилери: Ыйык Лаврентий д. Улуу көлдөр м-н кошо (К-га анын акватория-

сынын 1/ и гана таандык), жалпы уз. 3 миң
кмден ашык; Финли – Пис-Ривер – Эрксиз –
Макензи д. Кичи Эрксиз, Атабаска, Чоң Эрксиз көлдөрү м-н кошо; Боу – Саскачеван – Нельсон д. Боу, Сидар, Виннипег, Виннипегосис, Манитоба, Кросс көлдөрү м-н кошо. Тынч океандын алабына кирген тоолуу батыштын дарыялары адатта кыска, өрөөндөрү кууш ж-а терең;
ирилери – Фрейзер ж-а жогорку агымдары К-га
таандык – Юкон, Колумбия дарыялары. К-нын
тоо ж-а түздүк дарыялары кеме каттоого негизинен ыңгайсыз, бирок суу энергиясына бай.
Өлкөнүн жалпы гидроэнергетикалык потенциалы 50–65 млн кВт чамасында, анын 25 млн
кВттан ашыгы пайдаланылат. Бардык дарыяларынын жылдык агымынын көлөмү 1207 км3. Көлдөрдүн көптүгүнөн дарыя агымдары жакшы жөнгө салынган. 200дөн ашык ири көлү бар. Түздүктөгү көлдөр негизинен реликт, мөңгүнүн
аракетинен же мөңгү-тектон., тоо көлдөрү –
тектон. ж-а мөңгү-тектон. кыймылдардан пайда болгон.
Өлкөнүн түн. четин (Канадалык Арктика архипелагынын түн. аралдарын) ээлеген арктикалык чөл зонасында сейрек эңилчек ж-а айрым чөп өсүмдүктөрү өсөт. Ал түштүгүрөөктө мамык чөп-эңилчектүү ж-а мамык чөп-бадалчалуу тундра зонасы м-н алмашат. Тундра зонасы Канадалык Арктика архипелагынын түш. аралдарын ж-а материктик жээкти ээлейт. Андан түштүктө Кордильеранын этегинен Атлантиканын жээгине чейин тоң-тайга, көбүнчө таштак топурактуу токойлуу тундра ж-а сейрек токой зонасы созулуп жатат. Токойлуу тундра түштүктө күл, айрым жерлеринде саз топурактуу, ак ж-а кара карагай, америка кара карагайы (лиственница), Банкс кызыл карагайы, бальзам көк карагайы басымдуулук кылган тайга зонасы м-н алмашат. Борб. аймагынын түштүгүн токойлуу талаа ж-а талаа зоналары ээлейт; алардын түндүгүнө парк сымал таралган байтеректүү токой мүнөздүү, түштүгүндө кургак талаа өсүмдүктөрү (ак кылкан, грам чөбү) басымдуу. Бул аймактагы күрдүү токойдун боз, шалбаанын кара, кара ж-а каштан топурактары а. ч-нда кеңири пайдаланылат. Талаа зонасынын жарымынан ашыгы айдалат. Өлкөнүн түш.-чыгыш
чет-жакасында, тайгадан түштүгүрөөк күл ж-а
токойдун коңур топурактары мүнөздүү ийнежазы жалбырактуу токой зонасы жатат. Мында токой салыштырмалуу жетүүгө татаал жерлерде (Аппалачи дөңсөөлөрүндө) сакталган, ал эми күрдүү топурактуу түзөң аймактары (Ыйык Лаврентий д-нын түздүктүү өрөөнү ж-а Онтарио ж. а.) а. ч-нда пайдаланылат же курулуш текши ээлейт. Кордильера тоолоруна топурак,
өсүмдүктөрдүн бийиктик алкактуулугу мүнөздүү.
Түндүгүндө өрөөндөрдүн тоо-тайга токою тоо капталдарында тоо-тайга сейрек токою м-н ал-
машып, андан жогору тоо тундрасына өтөт. Түштүктө, ички тоолуу аймактарда өрөөндөр тоо талаасы м-н капталган, ал өйдө карай тоонун токойлуу талаасы (парк токойлору), тоонун ийне жалбырактуу токою, субальп ийне жалбырактуу токою ж-а альп шалбаасы зоналары м-н алмашат. Кордильера тоолорунун Тынч океанды караган капталдары этегинен кырларына чейин бийик өскөн жээк токойлору (бийик туя, батыш гемлогу, дугласия көк карагайы, ситхин карагайы, бийик көк карагай ж. б. өтө продуктулуу түрлөрү) м-н капталган.
Токой өлкөнүн жалпы аянтынын 1/
бөлүгүнөн
ашыгын, ал эми ө. ж-лык мааниси бар баалуу токой 1/ ин ээлейт. Канадалык Арктика архипелагын ж-а материктин тундра зонасын карибу бугусу, мускус бодосу, ак аюу, көгүш түлкү, лемминг, арктика коёну, тундра чили, уюл үкүсү, тайганы, о. эле токойлуу тундраны багыш, токой бугусу, бизон, кызыл тыйын чычкан, абырган, чүткөр, коён, суусар, аюу, сүлөөсүн, кызыл тү лк ү, карышкыр, ку ну, ө лкө нүн чыгыш бөлүгүндөгү ийне-жазы жалбырактуу токойду виргиния бугусу, уапити бугусу, суур, коён, жанат, боз тыйын чычкан, кызыл сүлөөсүн, түштүктөгү токойсуз аймактарды бугу, айры мүйүз антилопа, тыйын чычкандар, кандек чычкан, ач күсөн, талаа түлкүсү, кашкулак, койот мекендейт. Кордильера тоолорунда айбанаттардын бийик тоолордо жашаган түрлөрү басым-

дуу: тоо теке, тоо эчки, гризли аюусу, пума. Дарыялары, көлдөрү, о. эле жээк суулары балыкка бай.
К-нын өсүмдүктөр ж-а жаныбарлар дүйнөсү ландшафттын антропогендик өзгөрүүсүнөн кыйла жапа чеккен (айрыкча өлкөнүн түштүгү). 21-к-дын башталышында өлкөнүн 25%ке жакын аймагынын табияты өзгөрүүгө дуушарланган. Экол. эң татаал кырдаал Онтарио ж. а-нын түздүктөрүндө ж-а Ыйык Лаврентий д-нын
өрөөнүндө түзүлгөн, анткени ал жерлерде К-нын
калкынын 1/ и жашап, эң ири шаарлары ж-а негизги ө. ж. борборлору орун алган. Мындагы
табигый жазы жалбырактуу токою а. ч. өсүмдүктөрү ж-а курулуш м-н алмашкан. Эң актуалдуу проблема – атмосферанын, суунун ж-а топурак кыртышынын булганышы; ага кислоталуу жаан-чачын да кошулат, анын жарымы АКШ-нын чыгыш аймактарынан келет. Көл суусунун булгануусу, балыкты ашыкча кармоо ж-а анын урук таштоо жайынын бузулушу, жырткыч миноганын каналдар системасы аркылуу таралып, баалуу промыселдик балыктарды (жилингир, сига) жеп салышы Улуу көлдөрдүн ихтиофаунасынын жалпы деградациясына алып келди.
Натыйжада суу жээктеринде жашаган жаны-
барлар популяциясы (кундуз, америка суу суусары) кыскарып, куштардын көп түрлөрү жоголуп кетти. Атлантиканын жээк сууларынын булганышы деңиз балыкчылыгынын өнүгүүсүнүн негизин түзгөн – тресканын азайышына өбөлгө түздү. Урбанизациянын күчөшүнөн калкты ичүүгө жарамдуу таза суу м-н камсыз кылуу проблемасы пайда болду. Тайгадагы негизги экол. проблема – жыгач даярдоого ж-а к-талуу жаанчачынга байланыштуу токой массивдеринин деградациясы. Кордильера тоолорундагы бийик өскөн дарактардан жыгач көп даярдалгандыктан, токой аянты кескин кыскарууда. Өлкөдө жылына 100 млн м3 жыгач даярдалат. Тоо этегиндеги талааларда ландшафттын антропогендик өзгөрүүлөрү басымдуулук кылат. Мында айдоо жердин 60%и, жайыттын 80%и жайгашкан, кен казылып алынат, ири шаарлар жайгашкан, көптөгөн транспорттук коммуникациялар ж-а куурлар өтөт. Кургакчыл климаттын ж-а антропогендик жогорку басымдын шартында топурак кыртышынын эрозиясы, курулуш ж-а коммуникация үчүн тартып алынган күрдүү жерлерди жоготуу экол. жактан өтө коркунучтуу. Канадалык Арктикада жерг. элдердин салттуу промысели (балык кармоо, деңиз промысели ж-а бугу чарбасы) үчүн экол. коркунучту атмнын жалпы циркуляциясынын натыйжасында жааган радийактивдүү заттар, о. эле тирүү организмдердин ткандарында топтолгон орг. туруктуу булгагычтар түзөт. 1970-ж. кабыл алынган Арктика сууларын коргоо законуна ылайык нефть-газ кендерин казып алуу токтотулгандыгына ж-а Канадалык-Арктика архипелагынын кысыктары аркылуу нефть м-н газды ташууга тыюу салынгандыгына карабастан, али да болсо деңиз сууларынын нефть продуктулары м-н булгануу коркунучу бар; анын үстүнө Маккензи д-нын өрөөнүндө да нефть кендери өздөштүрүлүп жатат. К-нын коргоого алынган табигый аймагы кургактыктын 98,3 млн гасын, жээкке жакын деңиз акваториясынын 3,8 млн гасын ээлейт (2005); а. и. өлкөнүн аянтынын 7%и улуттук ж-а провинциялык парктарга таандык. Коргоого алынган ири аймактардын көбү түн. тарапта жайгашкан; аларга Баффин Же- риндеги Вуд-Баффало (дүйнөдөгү ири парктардын бири), Ауюиттук (аянты 2 млн гадан ашык), Түн. Юкон (1 млн га), Аскалуу тоолордун Тынч океандык капталындагы Йохо улуттук парктары кирет. Аянты эң чоң – Райдинг-Маунтин (1,332 млн га), Саутвест-Нова (1,546 млн га), о. эле 2000-жылдарда уюшулган Гурон көлүнүн жээгиндеги Жоржия бухтасы, өлкөнүн атлантикалык бөлүгүндөгү Фанди ж-а Макуаган- Уабишка резерваттары ЮНЕСКОнун 15 биосфералык коругуна кирет. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Вуд-Баффало, Наханни, Мигуаша, Грос-Морн улуттук парктары, Дайносор провинциялык паркы, Канада Аскалуу тоолорунун парктары, о. эле АКШнын аймагында жайгашкан – Клуэйн, Врангель тоолору, Ыйык Илья тоолору, Глейшер-Бей парктары ж-а резерваттары, Уотертон-Глейшер эл аралык тынчтык паркы кирген. К. экол. коопсуздук, токой ресурстарын пайдалануу ж-а башкаруу б-ча эл аралык эрежени түзүү, деңиз чөйрөсүн ж-а жээк зоналарын коргоо б-ча маселелерди эл аралык деңгээлде курч коюуда.
Калкы
. К-нын калкынын этностук курамы ж-дө к. Канадалыктар макаласын. 1901– 2001-ж. К-нын калкы дээрлик 6 эсеге (5,4 млндон 31,0 млнго чейин) өскөн. Ошого жараша ж-а иммигранттардын көбөйүшүнө (20-к-да 50%ке өскөн) байланыштуу төрөлүүнүн саны да өскөн (1950-жылдардын 1-жарымында 1000 адамга 28,0 бала). 1970-ж. төрөлүүнүн азайышынан (1971-ж. 1000 адамдан 16,8 бала төрөлсө, 2007-ж. 1000 адамдан 10,8 бала төрөлгөн) калктын табигый өсүүсү да төмөндөгөн (1971-ж. 1000 тургунга 9,5 адам туура келсе, 2007-ж. 1000 тургунга 3,0 адам гана туура келген). Өлүм-житим 1000 тургунга 7,8 адам туура келген. К-нын калкынын курактык структурасында өнүккөн башка өлкөлөргө салыштырмалуу 14 жашка чейинки балдардын саны кыйла көбөйгөндүгү (17,3%) ж-а 65 жаштан өткөндөрдүн саны азайгандыгы (13,4%) байкалат; эмгекке жарамдуу курактагы (15–64 жаштагы) калктын үлүшү 69,2%. Калкынын орт. жашы 39,1 жыл. Орто эсеп м-н 100 аялга 98 эркек туура келет (1970- жылдарга чейин аялдарга караганда эркектер көп болгон). Адам өмүрүнүн күтүлгөн орт. узактыгы 80,3 жыл (эркектердики 76,9, аялдардыкы 83,8 жыл); бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. 21-к-дын башында К-нын калкынын жалпы санынын өсүшүндө иммиграциянын мааниси зор болгон. 1991–2001-ж. К-нын калкынын саны 3 млнго (анын 1,6 млну иммигранттар), 2006-жылдын июлунан 2007- жылдын июнуна чейин 311,7 миңге (238,1 миңи иммигранттар) өскөн. 20-к-дын 2-жарымынан иммигранттардын улуттук курамы да кыйла өзгөргөн: 1950-ж. чейин К-га келгендердин ичинен европалыктар басымдуулук кылган (анын 25%тейи Улуу Британиялыктар болгон); 21- к-дын башында К-га келгендердин 60%ин азиялыктар (анын 25%тейи кытайлар), 20%тейин европалыктар, 8%тейин африкалыктар, 6%тен ашыгын борб. америкалыктар түзгөн. Иммигранттардын басымдуу бөлүгү – атайын адистиги бар, эмгекке жарамдуу адамдар. Ал эми калктын эмиграциясы төмөн (жылына 40–50 миң адам). Калкынын орт. жыштыгы төмөн, 1 км2 жерге 3 адам туура келет. Алар аймак б-ча өтө ар түрдүү отурукташкан: 90%и АКШ м-н чектешкен тилкеде (жазылыгы 160 кмдей) топтолгон. К-лыктардын 2/ синен ашыгы өлкөнүн 5% аянтында, анын түш.-чыгышында (Онтария провинциясынын түш.-чыгышында, Квебек провинциясынын түш.-батышында; жыштыгы 1 км2 жерге 100 адам) жашайт; анда ири шаарлардын басымдуу бөлүгү (Торонто – Оттава – Монреаль урбанизацияланган тилкеси) жайгаш-

кан. Түн. аймакта (өлкөнүн аянтынын 70%тейи) жашагандар (негизинен аборигендер, о. эле рудниктерде вахтада иштегендер) калктын 1,5%ин түзөт. Шаар калкы 80%тен ашык; айылда жашагандардын 3/ ү а. ч. өндүрүшүндө иштебейт. Ири шаар агломерациялары: Торонто (2007-ж. калкы 6324,5 миң), Монреаль (3763,7 миң), Ванкувер (2254,4 миң), Оттава (1152,7 миң), Калгари (1140,9 миң), Эдмонтон (1031,9 миң). К-нын калкынын 77%и христиандар, а. и. 43,6%и католиктер, 29,2%и протестанттык түрдүү деноминациялардын өкүлдөрү, 1,6%и православныйлар; о. эле 2%и мусулмандар, 1,1%и иудейлер, 1%и буддисттер, 1%и индустар ж. б.
Тарыхы
. К. аймагына адамдар мындан 12 миң жыл мурда отурукташа баштаган. Анын байыркы калкы эскимостор ж-а индейлер деп эсептелет. Палеоиндей мезгилине (11,5–8 миң жыл мурда) таандык Олд-Кроу, Блуфиш-Кейв ж. б. байыркы археол. эстеликтер ж-а Гудзон булуңунун түн. ж-а түн.-батыш жээгинде (мис., Дорсет мад-ты), Улуу көлдөрдүн айланасында, Ыйык Лаврентий д-нын алабында жаңы эранын чегинде архаика (8–2 миң жыл мурда) мезгилиндеги археол. мад-ттар, а. и. Вудленд мадтынын түрлөрү пайда болуп, жерг. эл (к. Индейлер, Ирокездер, Эскимостор) негизинен жер иштетип, балык кармап, карапачылык м-н кесиптенишкен. 10–11-к-да Лабрадор ж-а Ньюфаундленд а-нын жээктерине келип, Ньюфаундлендге соода колониясын негиздөөгө аракет жасаган. Бирок жерг. калктын каршылыгынан улам викингдердин бул максаты ишке ашкан эмес. Улуу географиялык ачылыштар доорунда европ. державалардын Түн. Американы колониялаштыруусу башталган. 1497-ж. англ. королго кызмат кылган итальян Жон Кабот Ньюфаундленд а-нын жээгине жетип, бул жерди Англия ээлиги деп жарыялаган. 1524-ж. флоренциялык Ж. Верраццано жетектеген фр. экспедиция Жаңы Шотландия ж-а Ньюфаундленд анын жээктерине келген. 17-к-дын башында англичандар Гудзон ж-а Жеймс булуңдарынын жээктеринен орун-очок алып, континенттин түш.-чыгышын өздөштүрө баштаган. 1534-ж. фр. деңиз саякатчысы Жак Картье Гаспе ж. а-на келип, Франция королунун ж-а католик чиркөөсүнүн бийлигин билдирген крест тургузуп, бул жерлер Францияга тиешелүү деп жарыялаган. 1541–42-ж. француздар индейлердин Стадакона кыш-на жакын жерге чакан колония негиздешкен. 1605-ж. К-да алгачкы фр. Пор- Руаяль (азыркы Жаңы Шотландия), 1608-ж. Квебек кыш. (саякатчы, картограф ж-а изилдөөчү С. де Шамплейндин демилгеси м-н) пайда болуп, кийин фр. колониянын (Жаңы Франция) борборуна айланган. 1608–63-ж. фр. колонияларда Франциянын ар кайсы шаарынан келген соодагерлер жеке соода компаниялары м-н биригип, колониялык саясат жүргүзүшкөн. 1627– 63-ж. кардинал Ришелье түзгөн жеке коммерциялык Жүз акционерлер компаниясы Жаңы Францияны башкарган. Бирок колониячылардын санынын аздыгынан (3 миң кишидей) басып алган жерлер иштетилбей, о. эле жерг. калктын, англичандар м-н француздардын тирешүүлөрү француз колониячыларына киреше алып келген эмес. 1663-ж. К-да калктын санын көбөйтүү ж-а француздардын таасирин күчөтүү максатында Франциянын королу Людовик XIV Жаңы Францияны королдун провинциясы деп жарыялап, колониялык администрацияга чексиз бийлик берилген. Колонияны коргоого ж-а тышкы иштерине губернатор, ал эми жарандык, сот акыйкаты ж-а каржы иштерине интендант жооптуу болгон. Жогорку Кеңеш королдун жарлыктарын таратып, колониялык соттук аппеляциялык инстанция кызматын аткарган. Жаңы Франциянын өнүгүшүнө анын биринчи губернатору Л. де Фронтенак, интендант Ж. Талон ж-а епископ Ф. Лаваль чоң салым кошушкан. 16-к-дын 80-жылдарында Ньюфаундленд а. англ. ээлик деп жарыяланып, 17-к-дын 20- жылдарында К-да англ. биринчи колония (Жаңы Шотландия) пайда болгон. 17–18-к-да Англия м-н Франциянын К. үчүн согуштары узакка созулган. Жети жылдык согушта (1756–63) жеңилген Франция Улуу Британияга 70 миң калкы м-н К-ны берүүгө аргасыз болуп, Квебек провинциясына айландырылган. Квебекте британдык колониялык администрация түзүлүп, француз калкы англичандарга баш ийген абалда калып, француз-католиктер бийликтен четтетилген. Түн. Америкада көз каранды эместик үчүн болгон согуш (1775–83) башталар алдында рев-ялык идеялардан «коргоо» максатында англис администрациясы француз калкынын ж-а чиркөө өкүлдөрүнүн укуктарын кеңейткен. Бирок амер. аскерлердин Квебектеги согуштук компаниясы (1775–76) ишке ашкан эмес. АКШ түзүлгөндөн кийин рев-ядан чочулаган 40 миңдей лоялист Квебек ж-а Жаңы Шотландия аймактарына качып барган, кийин алардын урпактары англис канадалык улуттун негизин түзгөн. 1784-ж. алар жашаган жерде өзүнчө Нью-Брансуик провинциясы пайда болгон.

.
18-к-дын аягында англ. бийлик кеңири колониялык реформа жүргүзгөн. 1791-жылдагы Конституциялык актынын негизинде Квебек аймагы этностук принцип б-ча эки провинцияга бөлүнгөн: англ. Жогорку К. ж-а фр. Төмөнкү К. Эки провинцияда тең өкүлдүк ассамблеялар түзүлгөн. Аткаруучу ж-а мыйзам чыгаруучу бийлик англичандардын (генерал-губернатор ж-а ак сөөктөрдүн) колунда болгондуктан, экон. ж-а саясий карама-каршылыктарды пайда кылып, бара-бара улуттук-боштондук кыймылга алып келген. Англия-Америка согушунан (1812–14) кийин К-ны АКШнын басып алуу коркунучу туулуп, ошондон улам өлкөдө демокр. реформаларды жүргүзүү ж-а өзүн-өзү башкаруу укугуна ээ болуу кыймылы кулач жайган. 1837–38-ж. Жогорку ж-а Төмөнкү К-да Л. Ж. Папино, Р. Нельсон, У. Л. Макензи, П. Мэтьюз ж. б. жетектеген куралдуу көтөрүлүш чыккан. Алар амер. үлгүдөгү конституцияны кабыл алууну, «канадалыктардын көз каранды эместик укугун» кепилдик берүү ж. б. талаптарды коюшкан. Улуу Британия куралдын күчү ж-а өзү аргасыз берген жеңилдик м-н К-дагы бийлигин сактап калган. 1841-ж. эки провинция бир провинцияга (Канада) биригип, жалпы бир өкмөт ж-а эки аймактан тең бирдей сандагы депутаттардан турган шайлануучу өкүлдүк ассамблея түзүлгөн. Англис тили расмий тил болуп, англис-канадалыктар (Жогорку же Батыш Канада) аз болгонуна карабастан, алардын үстөмдүгү сакталып, француз-канадалыктар (Төмөнкү же Чыгыш Канада) адм.-аймактык автономиясынан ажыраган. 1848-ж. К-да Болдуин–Лафонтен өкмөтү түзүлгөн. 1854-ж. К-да реформалар (губернатордун чексиз бийлиги, француздарга болгон дискриминация, соодадагы чектөөлөр ж. б. жоюлуп, жер ээлеринин феод. жеңилдиктери алынып ташталган) жүргүзүлгөн. Бул реформалар өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө жол ачкан. К-да ө. ж. төңкөрүшү башталып, калктын саны көбөйүп, өз алдынча болгон колонияларда бир мамлекет түзүүгө шарт түзүлгөн. АКШ мындай абалдагы колонияларга оңой эле кол салып, Улуу Британиядан тартып алмак. Ошондуктан Британиянын Түн. Америкадагы бардык ээликтеринин биригиши үчүн кыймыл күчөгөн. 1867-ж. англ. парламент Британиялык Түн. Америка ж-дө акт кабыл алып, анын негизинде 4 провинциядан (Жаңы Шотландия, Нью-Брансуик, Онтарио ж-а Квебек) түзүлгөн федерация Канада доминиону деп аталган. Доминиондун түзүлүшү К-нын Британияга көз карандылыктан кутулуу жолундагы маанилүү кадам болгон. Мамл. борбордоштуруу өлкөнүн жалпы улуттук базарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берген. 1869–70-ж. англистерге каршы француздардын Луи Риэль баш болгон көтөрүлүштөрү чыгып, бирок ийгиликсиз аяктаган. 1920–40-жылдардын ортосунда а. ч., электр-энергетика, нефть өндүрүшү ж-а ө. ж. өнүгүп, жумушчулардын саны көбөйүп, шаарлар өсүп, К. өнүккөн агрардык-индустриялык мамлекетке айланган. 1-дүйнөлүк согушта К. Улуу Британия тарапта болуп, Сов. Россияга каршы интервенцияга катышкан. Англиянын К-га таасиринин начарлашы доминиондун саясий өз алдынчалыгы үчүн күрөшүн күчөткөн. Англиянын башка доминиондорундай эле К. Улуттар Лигасында өз алдынча өкүлдүккө ээ болгон. 1920–30-ж. К-нын укуктары метрополия м-н теңештирилген. К. экономикасынын тышкы соодага көз карандылыгы, сыртка жалаң сырьё чыгарышы 1929– 33-жылдардагы дүйнөлүк экон. кризис мезгилинде өлкөнү бөтөнчө оор абалга дуушар кылган. К-да ө. ж. өндүрүшү токтоп, жумушчулардын саны кыскарып, эмгек акы азайган. Т. ж. компаниялары мамлекеттештирилип, коомдо ар кандай социал-демокр. уюмдар, партиялар (Канада жумушчу партиясы, Фермерлердин улуттук-прогрессчил партиясы, Жумушчулар кооперация шериктештигинин федерациясы ж. б.) түзүлгөн. Премьер-министр, консерватор Р. Б. Беннеттин өкмөтү (1930–35) экон. кризистен чыга албай, дыйкандардын абалы начарлап, жумушчулардын көтөрүлүштөрү (1929–35) көп болгон. 1931-ж. Вестминстер статуту аркылуу К. Улуу Британиядан саясий көз карандысыздыкка ээ болуп, К. өкмөтүнүн компетенциясы эл аралык ж-а ички иштерде кеңейген. 1939-ж. К. парламенттин чечиминин негизинде Франция ж-а Улуу Британиядан кийин 2-дүйнөлүк согушка кирип, гитлердик коалицияга каршы согушкан. Согуштан кийин К-нын саясатына ж-а экономикасына АКШнын таасири күчөгөн, ошол эле мезгилде Англиянын позициясы начарлай баштаган. 1947-ж. К-нын калкы өз жарандыгына ээ болушкан. К. НАТОго кирип (1949), АКШ м-н бир катар согуштук макулдашууларды түзгөн. 1950–60-жылдары өлкөдө либералдар, консерваторлор ж-а демокр. партиялар түзүлгөн. Партиялар тышкы саясатта Канада м-н Американын ортосундагы мамилелерди жакшыртуу ж-а НАТОдо К-нын ролун жогорулатуу б-ча маселелерди караган. 1960-жылдардын аягында К-нын ири ө. ж. компанияларынын теңине жакыны АКШнын карамагына өткөн. К-лыктар АКШга көз каранды болуп калуудан чочулап, экономикасын ж-а улуттук мад-тын өнүктүрүүгө умтулушкан. Консерваторлор партиясы прогрессивдүү-консерваторлор партиясы (ПКП) болуп өзгөрүп, 1957-ж. шайлоодо жеңишке жеткен. Бул партиянын төрагасы Ж. Ж. Дифенбейкер салык саясаты ж-а тышкы саясат аркылуу К-нын экономикасын өз алдынча өнүктүрүүгө (АКШдан тышкары) аракеттенген. 1958-ж. К. АКШнын ядролук согуш куралдарын камсыздагандан баш тарткандыгы үчүн АКШ м-н К-нын ортосундагы мамиле курчуп, прогрессивдүү-консерваторлор партиясы (ПКП) оор абалга туш болгон. Анын натыйжасында ПКП шайлоодо жеңилип (1963), Б. Пирсон жетектеген Либералдар партиясы бийликке келген (1963–68). Л. Б. Пирсон тескерисинче АКШ м-н «өзгөчө» жакшы мамиле түзүүгө умтулуп, натыйжада 1964-ж. К-га ядролук куралдар алынып келинген. 1965-ж. К. улуттук желегине ээ болгон. 1969-ж. француз тили англис тили м-н тең катар расмий тил болуп калган, 1982-ж. жаңы Конституциясы кабыл алынып, К. Улуу Британияга көз каранды болбой, өз алдынча мамлекетке айланган. 1980-жылдардан АКШ м-н жакшы мамиледе. 1988-ж. эки мамлекеттин ортосунда эркин соода жүргүзүү ж-дө келишимге кол коюлган. Мурдагы СССР м-н К-нын дипл. мамилелери фашисттик Германияга каршы күрөштө 1942-ж. 12-июнда түзүлгөн. Кансыз согуштун башталышы эки мамлекеттин мамилелерине терс таасир тийгизип, кийин 1950-жылдардын ортосунан соода, ил.- тех. ж-а маданий байланыштар кайра өнүгө баштаган.
Чарбасы
. К. дүйнөдө экономикасы өнүккөн башкы өлкөлөрдүн тобуна кирет. ИДПнин жалпы көлөмү (1266 млрд АКШ доллары) б-ча К. дүйнөдө 13-орунда; ИДПнин көлөмүн киши башына бөлүштүргөндө (38,4 миң доллар) К. ири мамлекеттердин ичинен АКШдан кийинки орунду ээлейт. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,961 (2005; дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 4-орунда).
1990-жылдардын ортосунан дүйнөдөгү алдыңкы
5 өлкөнүн бири. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн
үлүшү 69%, ө. ж-ныкы ж-а курулуштуку 29%, айыл, токой ж-а балык чарбаларыныкы 2% (2006). И
ДПнин өсүүсү 2,5% (2007). К-нын чарбалык системасына таасирин тийгизген негизги факторлор: АКШ м-н чектеш жайгашып, эки
өлкөнүн ортосундагы экон. интеграциянын туруктуу өнүгүүсү; аймагынын чоңдугу ж-а калкынын салыштырмалуу аздыгы; табигый ресурстарга байлыгы; капитал импортунун ж-а иммиграциянын маанилүүлүгү. Түн. Америкада дүйнөдөгү эң ири аймактык чарбалык комплекс К. м-н АКШнын ортосундагы Эркин соода макулдашуусу күчүнө киргенден (1989) тез өнүгө баштады. 1994-жылдан АКШ, К. ж-а Мексиканын катышуусу м-н Эркин соода ж-дө Түн. Америка келишими (НАФТА) иштеп, К-нын экономикасында АКШнын таасири күчөй баштады.
Ө. ж-нын эң өнүккөн тармактары: казып алуу, энергетика, түстүү металлургия, машина куруу (негизинен транспорттук), хим. ж-а нефть-хим., токой, жыгач иштетүү ж-а кебез-кездеме ө. ж.
Казып алуу ө. ж. – өлкөнүн негизги тармактарынын бири, негизинен экспортко багытталган (казып алынган сырьёнун 80%и сыртка сатылат) минералдык сырьёнун 60ка жакын түрүн
чыгарат. К. энергия ресурстарына болгон ички муктаждыгын толук камсыз кылат. Энергия пайдалануу структурасында нефтинин үлүшү 30,6%, табигый газдыкы 27,0%, гидроэнергияныкы 24,6%, таш көмүрдүкү 10,8%, атом энергиясыныкы 7,0% (2006). 2006-ж. 151,3 млн T нефть (дүйнөдө 8-орунда), 190 млрд м3 газ казылып алынган (дүйнөдө Россия, АКШдан кийинки 3-орунда). Нефть м-н газ казып алынуучу негизги региону – Альберта провинциясы.
2006-ж. 62,9 млн T таш көмүр казылып алынган; казылып алынуучу негизги аймактары: Альберта (50%и), Британия Колумбиясы (30%и), Саскачеван (15%и) провинциялары. К. уран рудасын казып алуу (12,6 миң T ) ж-а анын концентратын өндүрүү б-ча дүйнөдө алдыңкы орунда. Дүйнөлүк урандын 30%ке жакыны Саскачеван провинциясынан казылып алынат; башка ири кендери: Мак-Артур-Ривер, Раббит- Лейк, Мак-Клин-Лейк, Сигар-Лейк (запасы б-ча дүйнөдөгү ири кендердин бири).
Электр энергиясын өндүрүү б-ча (616 млрд
кВт.с; 2006) К. дүйнөлүк алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирет. Электр энергиясынын 62%и
ГЭСтен, 20%и ЖЭСтен, 15,6%и АЭСтен, калган бөлүгү башка энергия булактарынан өндүрүлөт.
К. – электр энергияны ГЭСтен өндүрүү б-ча дүйнөлүк лидер (ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 67 млн кВттан ашык). Дүйнөдөгү эң ири гидрокурулуш – гу 16 миң МВттан ашык) Ла-Гранд д-нда ж-а анын куймаларында (Квебек провинциясында)

курулган. Ири ЖЭСтер жайгашкан шаарлар: Нантикок (кубаттуулугу 4000 МВттан ашык; Түн. Америкадагы эң ири ЖЭС, көмүрдө иштейт; Онтарио провинциясында), Ламбтон (2000 МВт
чамасында; көмүрдө иштейт; Квебек провинциясында), Леннокс (2140 МВт; газда иштейт; Онтарио провинциясында). Атомдук энергетика
өлкөнүн өзүнүн сырьёсунда иштейт. Эң ири АЭС-
тери Онтарио провинциясында жайгашкан. Металлургия – иштеп чыгуучу ө. ж-нын негизги тармактарынын бири; жерг. сырьёлордо иштеп, продукциясы негизинен экспортко чыгарылат. Темир кенташтары (17,9 млн r металл) Кэрол-Лейк (Ньюфаундленд, Лабрадор провинцияларында) ж-а Маунт-Райт (Квебек провинциясында) кендеринен казылып алынат; темир концентраты, окатыш, чоюн, болот, феррокуйма, прокат өндүрүлөт. Түстүү металлдардан кобальттуу жез-никель, полиметалл, жез-молибден кенташтары казылып алынат. Түстүү металлдардан цинк (дүйнөдө Кытай, Австралия, Перудан кийинки 4-орунда), жез, никель (Россия, Австралиядан кийинки 3-орунда), коргошун, молибден, кобальт, күмүш, селен казылып алынат. Алгачкы алюминийди өндүрүү (2,9 млн r ; Бразилия ж-а Австралия сырьёлорунда иштейт) маанилүү орунда; негизинен Квебек провинциясынын түш.-чыгыш бөлүгүндө, о. эле Китмат ш-нда өндүрүлөт. Калий тузун казып алуу (10,6 млн r ) б-ча дүйнөдө 1-орунду ээлейт; жалпысынан 10 ири кени бар; алардын негизгилери –
Саскачеван ж-а Нью-Брансуик провинцияларында. 2005-ж. 243 млн r асбест казылып алынган (Россия, Кытай ж-а Казакстандан кийинки 4-орунда); кендери негизинен Квебек провинциясынын түш. бөлүгүндө жайгашкан. Алмаз казып алуу (12,3 млн r ; 2005) б-ча дүйнөдө Ботсвана, Россия ж-а Австралиядан кийинки 4- орунда; негизги кендери: Дайавик, Экати, Жерико, Снап-Лейк.
Машина куруу ө. ж. (иштеп чыгаруучу ө. ж. продукциясынын наркынын 1/ ин түзөт) негизинен транспорт каражаттарын, авиакосмос техникасын, электрондук продукцияларды, телекоммуникация жабдууларын чыгарууга адистешкен. Автомобиль куруу ишканалары (ө. ж. продукциясынын 12,5%и) негизинен Онтарио провинциясынын түш. бөлүгүндө топтолгон. 2005-ж. 2,5 млн жеңил автомобиль чыгарган (продукциясынын наркы 65 млрд доллардан ашык). Жүк ташуучу оор автомобиль, шасси ж-а автобустар (продукциясынын наркы 3,7 млрд доллардан ашык) 35 ишканада чыгарылат. К. авиакосмос техникаларын (аэробус, самолёт, самолёт-амфибия), ылдам жүрүүчү поезд ж-а т. ж. кыймылдуу курамын (ылдам жүрүүчү экспресс ж-а анын локомотивдерин, метрополитен үчүн кыймылдуу курам) чыгарат. Электрондук ө. ж. да тез өнүгүүдө: телекоммуникация жабдууларын, компьютер ж. б. офис техникаларын чыгарат, о. эле кеме куруу ж-а кеме ремонттоо да өнүккөн. Машина куруу ишканалары, о. эле электр-энергетика, казып алуучу тармактар, токой ө. ж. ишканалары үчүн жабдууларды чыгарат.
Хим. ж-а нефть-химия ө. ж. өзүнүн сырьёсу
м-н иштейт. Орг. синтездин (этилен, пропилен, түрдүү полимерлер, синтетикалык була, пластмасса ж. б.) ж-а негизги химиянын түрдүү продукцияларын, минералдык жер семирткич ж. б.
чыгарат. К. минералдык жер семирткич чыгарган дүйнөдөгү башкы өлкө болуп саналат; ишканаларынын 80%тен ашыгы Альберта провинциясында жайгашкан. Минералдык жер семирткичтин жарымынан көбү (86%и АКШга) экспорттолот.
Токой, жыгач иштетүү ж-а целлюлоза-кагаз
ө. ж. үчүн токой ресурстары арбын. Токой негизинен мамл. менчикте; 21-к-дын башында 190 миң м3ге жакын жыгач, а. и. 150 миң м3

таарынды ж-а бекемдөөчү материалдар, 30 миң м3ден ашык целлюлоза үчүн жыгач даярдалган. Целлюлоза-кагаз ө. ж. ишканалары (бардыгы 155тен ашык, көбү ири ишканалар) кагаз м-н картондун түрлөрүн чыгарат (продукциясынын наркы 25 млрд доллардан ашык). Ишканаларынын 2/ си өлкөнүн түш.-чыгыш бөлүгүндө (ири ГЭСтерге жакын), о. эле К-нын түш.-батышында (Британия Колумбиясынын аймагында) топтолгон. Тармактын продукциясынын негизги кардары – АКШ (80%ин сатып алат). Текстиль, кийим, булгаары буюмдар ж-а бут кийим өндүрүштөрү Монреалда (50%тен ашыгы), о. эле Торонто, Ванкувер, Виннипег ш-нда топтолгон.
Тамак-аш ө. ж. негизинен өзүнүн а. ч. сырьёлорун (эт, сүт, дан) иштетүүгө багытталган. О. эле пиво, этил спиртин ж-а спирт ичимдиктерин (виски, ром, жин, ликёр) чыгарат. Балык иштетүүчү көптөгөн ишканалары өлкөнүн чыгыш ж-а түш.-батыш жээк аймактарында жайгашкан.
К. – а. ч. продукцияларын өндүрүүчү дүйнөдөгү
ири өлкөлөрдүн бири; азык-түлүктүн негизги түрлөрү б-ча ички муктаждыкты толук камсыз кылат. Агр. продукцияны экспорттоо б-ча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт (а. ч. продукциясынын 1/ и экспорттолот). К-нын агр.
секторуна – адистешүүнүн жогорку деңгээли,
өндүрүшүнүн топтолушу (иштетилүүчү жердин 75%ке жакыны түштүктөгү Манитоба, Саскачеван, Альберта провинцияларындагы талааларга туура келет), механикалаштыруу ж-а эмгек
өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулугу мүнөздүү. А. ч-га жарактуу жеринин аянты 68 млн га (К-нын аймагынын 7,4%и), анын 53%и айдоо, 47%и шалбаа ж-а жайыт. Фермер чарбалары басымдуу (алардын саны 2006-ж. 229 миңден ашык болгон); фермерлердин 95%тен ашыгынын жеке менчик жерлери бар, калгандары жерди ижарага алып иштетет. А. ч. продукцияларын негизги өндүрүүчүлөр – адистешкен ири чарбалар;
ферма жеринин орт. өлчөмү 300 га. Азыркы а. ч. техникалары кеңири пайдаланылат, бирок фермалардын жеринин өтө чоңдугуна байланыштуу 1000 га жерге туура келген трактордун саны б-ча (1000 га жерге 16 трактор) жогорку өнүккөн
өлкөлөрдөн өтө артта калган.
Башкы тармагы – мал чарбасы (а. ч. продукциясынын наркынын 60%тен ашыгы); анда эт ж-а сүт багытындагы мал, чочко, үй кушу ж-а кой асыралат. 2007-ж. 15,9 млн бодо мал (сааны 1,5 млн), 14,5 млн чочко, 0,6 млн кой, 660 млндон ашык үй кушу болгон. Мал чарбасы өндүргөн продукциялардын негизги түрлөрү: 7,6 млрд л сүт (каймагы м-н кошо), 32,6 млн T уй эти, 1,5 млн T торпок эти, 50 млн T чочко эти, 2,2 млн T кой эти, 58 млн T дан ашык куш эти, 6,9 млрд даана жумуртка даярдалган.
Териси баалуу айбанат чарбасы (продукциясынын наркы 90,2 млн доллар; 2006) ж-а тери промысели (31,4 млн доллар) да өнүккөн. Айбанат асыроочу фермалары негизинен суу суусарын өстүрүүгө адистешкен (негизинен суу суусарынын, о. эле түлкүнүн терилерин даярдайт). О. эле териси үчүн калтар чычкан, куну, суусар, тыйын чычкан, койотко аңчылык кылынат.
Фермалардын көбү К-нын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. К. буудай жыйноо б-ча (2007-ж.
26,8 млн T ) 5–6-орунду ээлейт. Жыйналган буудайдын 80%ке жакыны экспорттолот. О. эле арпа, канола, жүгөрү, соя, нокот, жашылча, кара күрүч, күн карама, кара буудай ж. б. да эгилет. Өлкөнүн түштүгүндөгү айрым жерлерде алма, алмурут, шабдалы, өрүк, алча, гилас өстүрүлөт; жүзүмчүлүк да өнүккөн. Накта канадалык
продукт – ак чечек ширеси (2006-ж. 30 млн л
өндүрүлгөн; дүйнөлүк өндүрүштүн 80%ке жакыны); ширенин 70%ке жакыны Квебек провинциясында өндүрүлөт. А. ч. өндүрүшүнүн башкы
аймагы – Манитоба, Саскачеван, Альберта провинцияларынын түш. бөлүктөрү; негизги адистешүүсү – дан эгиндерин өстүрүү (буудайдын
50%тен ашыгы Саскачеван провинциясынан жыйналат); жайытта багылган эт багытындагы мал ж-а эт-жүн багытындагы кой чарбалары. Экинчи маанилүү аймагы – Квебек, Онтарио провинцияларынын түштүгү, анда саан уй басымдуулук кылган мал чарбасы, жашылчачылык ж-а бакчылык (негизинен Ниагара ж. а-нда) өнүккөн. Адистешкен а. ч. бар башка
аймактар – Эдуард канзада а. ж-а Нью-Брансуик провинциясы (картөшкө), Жаңы Шотландия провинциясы (Аннаполис д-нын өрөөнүндө

канада алмасынын түшүмүнүн 10%и жыйналат), Британия Колумбиясы провинциясынын
түштүгү (Оканоган д-нын өрөөнүндө – бакчылык ж-а жүзүмчүлүк, саан уй), Британия Колумбиясынын борб. бөлүгү (негизинен эт багытындагы мал чарбасы).
Балыкчылыктын да мааниси зор. 2004-ж.
600 миң T дан ашык деңиз балыгы (негизинен треска, сельд, лосос, палтус) ж-а 530 миң T чамасында деңиз продуктулары (краб, омар, устрица) кармалган. Балыкчылык чыгыш провинцияларында ж-а батышында (кармалган балыктын 1/ и Британия Колумбиясы провинциясына туура келет) өнүккөн. К. – тоңдурулган балыкты экспорттоо б-ча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири.
Өлкөнүн экономикасынын ири сектору – тейлөө чөйрөсү. Эң маанилүүлөрү – финансы ж-а
ишкердик жактан тейлөөлөр. Финансылык тейлөөлөрдү банк-кредит сектору, камсыздандыруу бизнеси, биржалар жүргүзөт. Ишкер сектору – бухгалтер-аудитор, маалымат-кеңеш берүү,
инженер-тех., компьютердик, юрид. ж. б. б-ча тейлөөнү камтыйт. Рекреациялык тейлөөнүн ж-а аны м-н байланыштуу мейманкана, ресторан бизнестеринин мааниси зор. 2005-ж. К-га келген 36 млн туристтин 14,4 млну АКШлыктар; Кытайдан келген туристтердин саны тез
өсүүдө. Туризмден түшкөн киреше 14 млрд долларды түзөт. Туризмдин негизги борборлору: Квебек, Монреаль, Торонто, Ванкувер. Туристтерди, о. эле табигый объектилер кызыктырат:
Ниагара шаркыратмасы (К-нын аймагындагы –
Така сымал шаркыратманын жазылыгы 800 м, бийикт. 48 м чамасында), Аскалуу тоолордогу Колумбия мөңгүсү, көл ландшафттары. Альберта, Британия Колумбиясы провинцияларында жайгашкан улуттук парктардагы ж-а коруктардагы экол. туризм тез өнүгүүдө.
К-нын транспорт системасынын өзгөчөлүктөрүн анын чарбасынын ж-а калкынын аймак б-ча жайгашуу структурасынын бөтөнчөлүгү түзөт: аянты чоң башка өлкөлөргө салыштырмалуу К-да жүк ташуу чыгымы кыйла жогору, ал эми жүргүнчүлөрдүн каттоосунун орт. узактыгы төмөн. Өлкөнүн түштүгүндө негизги транспорттук коридор-тилке (Атлантика м-н Тынч океанынын жээктериндеги портторду байланыштырган ж-а жарыш жаткан бир нече темир ж-а автомобиль жол магистралдары) түзүлгөн. Ошол коридорду жээктей көптөгөн ири транспорт түйүндөрү жайгашып, негизги транспорт агымдары өтөт.
Автомобиль жолунун уз. 1408,8 миң км (2006); анын 7,3%и – ылдам жүрүү үчүн автомагистралдар ж-а улуттук шосселер. Өлкөнүн түштүгүндөгү автомобиль жол тармактарынын негизги өзөгү – Трансканада шоссеси (Виктория, Ванкувер а./ паромдук катнаш – Ванкувер – Калгари – Режайна – Виннипег – Тандер-Бей – Су-Сент-Мари – Садбери – Оттава – Монреаль – Квебек – Фредериктон – Сидни Майнс / Ньюфаундленд а-на паромдук байланыш) – Чаннел- Порт-о-Баск – Сент-Жонс ж-а анын Торонто, Галифакс, Эдуард канзада а-на (уз. 13 км көпүрө аркылуу) кеткен тармактары. Өлкөнүн түндүгүнө
меридиан багытында: Руэн – Форт-Жорж (Квебек провинциясы); Виннипег – Гранд-Рапидс –
Томпсон – Кинусао (Манитобо провинциясынын түндүгү); Саскатун – Принс-Альберт – Саутенд; Саскатун – Баффало-Нарроус (Саскачеван провинциясынын түндүгү); Эдмонтон – Форт-Мак- Марри – Битьюмаунт (Альберта провинциясынын түн.-чыгышы) автомагистралдары кетет. Дагы башка маанилүү автомагистралдары арбын.
Деңиз транспорту аркылуу сырткы сооданын кыйла бөлүгү өтөт (экспорттун 64%и, импорттун 42%и). Т. ж-нун уз. 74,6 км (2006). Т. ж. тармагы трансканадалык 3 магистралдан турат:
Галифакс – Квебек – Кокран – Виннипег – Саскатун – Эдмонтон – Принс-Жорж – Принс-Руперт; Квебек-Монреаль – Торонто – Садбери –
Тандер-Бей – Виннипег – Режайна – Калгари –
Камлупс – Ванкувер; Квебек – Монреаль – Каприол – Виннипег – Эдмонтон – Ванкувер. Торонто м-н Монреалда метрополитен иштейт. Куур транспортунун жалпы уз. 360 миң кмден ашык, анын 316,8 миң кми газ, 45,7 миң кми нефть ж-а нефть продукту өткөргүч куур. Кеме каттоо Ыйык Лаврентий ж-а Улуу көлдөр аркылуу өтүп (уз. 3,8 км), Атлантика океанынын портторун деңиз кемелери Улуу көлдөрдүн порттору м-н байланыштырат. Паромдук байланыштар да арбын. 1300дөн ашык аэропорту бар. Ири аэропорттору: Торонто, Ванкувер, Монреаль, Калгари, Эдмонтон.
К. товарды экспорттоо (дүйнөлүк экспорттун
3,2%и; 2006) ж-а импорттоо (дүйнөлүк экспорттун 2,9%и) б-ча дүйнөдө 9-орунда. Экспорт наркынын 2/ синен ашыгы (55,6%) иштеп чыгуучу
ө. ж. тармагынын продукциясына туура келет.
Экспортко негизинен нефть, газ, көмүр (19,7%), автомобиль куруу ө. ж-нын продукциялары (16,7%), металлдар ж-а куймалар (8,1%), то-


кой, жыгач иштетүү ж-а целлюлоза-кагаз ө. ж. продукциялары (6,3%), жалпы машина куруу продукциялары (4,9%), авиакуруу продукциялары (4,5%) чыгарылат. Импортунда иштеп чыгаруу ө. ж. продукциялары басымдуу (78,2%; 2006); анын маанилүүлөрү: автомобиль куруу ө. ж. продукциялары (19,2%), керектөө товарлары (13,2%), нефть (8,8%), жалпы машина куруу продукциялары (7,6%), химия ж-а нефтьхимия ө. ж. продукциялары (7,3%), металлургия ө. ж. продукциялары (6,9%), а. ч. ж-а балык чарба продукциялары (6,1%). К-нын негизги соода шериги – АКШ (ага экспорттун 79%и, импорттун 54,2%и туура келет; 2007). Башка маанилүү соода шериктери: Кытай (экспорттун 9,4%и, импорттун 2,1%и), Мексика (ирети м-н 4,2% ж-а 1,1%), Япония (3,8% ж-а 2,1%), Улуу Британия (2,8% ж-а 2,9%), Норвегия (1,3 ж-а 0,8%). К-нын сырткы соода тейлөөсүнүн экспорттук наркы 57,8 млрд доллар, импорттук наркы 71,7 млрд доллар (2006). Эң маанилүүлөрү – туристтик (экспорттун 25,4%и, импорттун 28,6%и) ж-а транспорттук (ирети м-н 18,5 ж-а 23,6%) тейлөөлөр.
Маданияты
Канаданын б и л и м б е р ү ү системасы бирдей эмес, башталгыч жана орто билим берүү маселеси провинция бийлигинин карамагында. Ар бир провинция өзүнүн билим берүү мыйзамдарына жана башкаруу органдарына (министрликке) ээ. Алардын ишин 1960-жылдан Канада билим берүү министрлер комитети (1967-жылдан билим берүү министрлер кеңеши) башкарат. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 4–5 жаштан тарбияланат. Толук орто билим берүү көпчүлүк провинцияларда 12, Манитобе жана Онтариодо 13, Квебекте 11 жылга созулат да, үч баскычтан турат: башталгыч мектеп – 6 жыл (Манитобеде, Онтариодо – 8 жыл), жалпы орто мектеп – 3 жыл, толук орто мектеп – 3 жыл.
Окутуу өлкөнүн расмий эки тилинин биринде (англис же француз) жүргүзүлөт. Өлкөдө мамлекеттик жана конфессиялык (католиктик) мектептер бар. Канадада 175ке жакын мамлекеттик жана менчик коллежде 300 миңдей окуучу окуйт. Коллеждер, коомдук, техникалыык, жалпы жана кесиптик билим берүү системаларына бөлүнөт. 100гө жакын жогорку окуу жайларда (университет, университеттик коллеждер) 1,5 млндой студент билим алат. Белгилүү окуу жайлары: Фредериктон шаарындагы Нью-Брансуик провинциясынын университети (эң эски жогорку окуу жай, 1785), Торонто (1827), Оттава (1848), Лаваль (1852), Виннипег (1871), Монреаль (1876) жана башкалар, ошондой эле консерваториялар: Торонто (1886), Монреаль (1942), Квебек (1944) жана башкалар. Ири китепканалары: Виннипегдеги Манитоба юридикалык (1877), Оттавадагы Канада айыл чарба (1910), элдик, академиялык, университеттик., коллеждик жана башкалар. Архивдери: Викториядагы Британдык Колумбия (1893), Виннипегдеги Манитоба (1884), Квебектеги Квебек (1920), Галифакседеги Жаңы Шотландия (1929), Эдмонтондогу Альберта (1963), Фредериктондогу Нью-Брансуик (1968) провинциялары жана башкалар. Канадада 2 миңден ашуун музей жана тарыхый парктар бар. Музейлери: Оттавадагы Улуттук галерея, Монреалдагы Асем өнөр музейи, Торонто көркөм галереясы, Ванкувер, Виктория, Виннипег, Квебек, Калгари, Галифакс музейлери жана башкалар. Канаданын байыркы илимий мекемеси – Оттавадагы Канада королдук коому (1882). Анын курамына адабият жана гуманитардык илимдер, Социалдык жана гуманитардык илимдер академиясы, илимий-изилдөө мекемелери иштейт.
Канадада күн сайын 100дөн ашык гезиттер чыгат (2006), анын ичинде француз 11, калгандары англис тилинде. Канаданын эң биринчи гезити 1752-жылы Жаңы Шотландияда чыккан. Ири гезиттери: англис «The To- ronto Star» (1892-жылдан), улуттук гезиттери: англисче «Globe and Mail» (1844), «National Post» жана башкалар. Алгачкы журналы «The Nova Scotia Ma- gazine and Comprehensive Review of Literature,
Politics and News» (1789–1792). англисче жана французча көптөгөн журналдар чыгат. Улуттук башкы кабарлар агентчилиги – Canadian Press (1917-жылы түзүлгөн). Радио уктуруу 1930-жылдардан, теле көрсөтүү 1950-жылдардан Жалпы улуттук маалыматтык радио жана теле берүүнү «Canadian Broadcasting Corporation» корпорациясы ишке ашырат.
Канада адабияты англис жана француз тилдеринде өнүгүүдө. Канадада байыртадан индейлер менен эскимостордун фольклордук салты болгон. XVIII кылымдын 2-жарымынан журналистика өнүгө баштап, классикалык духтагы чыгармалар жарык көргөн.

XIX кылымдын ортосунда романтизм кеңири жайылып, лирикалык поэзия (Ф. К. Гарно, Н. Обен, О. Ж. Кремази, П. Леме, А. Пуассон жана башкалар) өнүккөн. Прозада Ж. Мармет, Э. Руссо, Н. Бурасс, Л. Конан жана башкалар эмгектенген. Адабий монреаль мектебинин түзүлүшү (Ж. Шарбонно, Э. Неллиган) адабиятты жандандырган. XX кылымдын 20–30-жылдарында Канада. адабиятында реализмдин өнүгүшүнө Л. Эмондун «Мария Шанделен» романы нук салган, XX кылымдын 2-жарымында роман жана повесть, ошондой эле драма өнүккөн.
Канаданын көркөм маданиятында жергиликтүү элдердин (индейлер менен эскимостордун), Европа жана Америка Кошмо Штаттардан келген келгиндердин искусствосунун салттары сакталган. Тынч океан жээгиндеги индейлер жыгач үйлөрдү курушуп, оймо, сүрөт түшүрүп, чегүү, саймалуу кездеме токуу, жыгач жана самандан бет кеп жасоо, бугу жана багыштын жүнүнөн саймалап өрүү жана башкалар менен алектенишкен. Европалыктардын келиши менен Канадага Англия менен Франциянын искусствосу жайылган. XVII кылымдан француз типтеги турак үйлөр, коомдук имараттар (госпиталдар, семинарийлер жана башкалар) таштан курула баштаган. XVII кылымдын ортосунда Квебекке епископ Лавалдын келиши менен Канадада чиркөөлөр (Орлеан аралында Сен-Лоран 1695; Сен-Пьер 1716; Сан-Фамий 1743–1746 жана башкалар) салынган. XIX кылымда Канадада Ж. Демер, Т. Байарже жана башка архитекторлор иштеген. Англис тибиндеги имараттар XVIII кылымдын аягы – XIX кылымдын башында Дублин, Кингстон, Олд-Ирокуой шаарында таштан салына баштаган. Канаданын сүрөт өнөрүндө алгачкы ийгиликтер француз кол өнөрчүлөрдүн ишмердиги менен байланышкан. XVIII кылымдын аягында Канадада реалисттик пейзаж чеберлери (Ф. Бокур, А. Пламондон Т. Дэйвис, П. Кейн, Х. Уотсон, Х. Уокер, М. О. де Фуа Сюзор-Коте, М. Каллен жана башкалар) иштеген. XIX кылымдын 2-жарымынан анча бийик эмес үйлөрү бар түз көчөлүү жаңы шаарлар, аларда америкалык типтеги асман тиреген үйлөр пайда боло баштаган. Өнөр жайына XIX кылымдын 2-жарымы – XX кылымдын башындагы коомдук жана ишкер комплекстер неоклассика жана неоготика мүнөздүү. XX кылымдын 2-жарымында интернационалдык стиль кеңири жайылган [Торонтодогу Доминион-сентер (1964–1971, архитектору Л. Мис ван дер Роэ) ишкана комплекси; Оттавадагы улуттук сүрөт борбору (1964–1969)]. XX кылымдын 70-жылдарынан көп функциялуу заманбап имараттар курулган. XX кылымда көркөм өнөрүндө шаар жана айыл пейзажы, элдик мотивге каныккан (Ж. У. Моррис, К. Ганьон), айкел (Ф. Лоринг), графика (Э. Сетон-Томпсон), живопись (Д. Милна), пейзаж (Э. Карр), дизайн жана элдик чыгармачылылык өнүккөн.
Музыка жергиликтүү калк менен келгиндердин салттык музыкасынын негизинде өнүккөн. Англис-канадалыктар менен француз-канадалыктардын музыкасы бири-бирине көз каранды болбой өз алдынча өнүккөн. XVIII кылымдан чиркөө музыкасы басымдуулук кылса, XIX кылымдан опера оюндары коюла баштаган. XIX кылымдын 2-жарымынан ири шаарларда музыка өнөрү жанданып, ышкыбоздор коому түзүлүп, натыйжада улуттук музыка калыптанган. Канадада алгачкы симфониялык оркестр «Квебек гармоникалык коому» (1819), Торонто (1845–1894) жана Монреалда (1875–1899) филармониялык коом пайда болгон. Өлкөдө хор маданиятынын өнүгүшүнө Монреалдын Мендельсон хору (1864–1894) маанилүү роль ойногон. XIX кылымдын аягында Америка Кошмо Штаттары жана Европадан билим алып, ошол жакта иштеген канадалык профессионал композиторлор, музыкант-аткаруучулар (Э. Альбани, Э. Готье жана башкалар) дүйнөгө таанымал болгон. XIX кылымда К. Лавалле, А. Контан, Г. Кутюр жана башкалар, XX кылымдын 1-жарымында «Деирдра» операсын жаратуучу –Х. Уиллан, XX кылымдын 2-жарымында профессионал композиторлор Ж. Бекуит, Н. Бикфорт, Б. Матер, К. Вивье жана башкалар, пианисттер: Г. Гульд, О. Питерсон жана башкалар, ырчылар Т. Стратас, Н. Аржента, Й. Виккерс, П. Барца, жана башка пианист жана композитор М. А. Амлен, дирижёр жана виолончелист Ш. Удре, музыка изилдөөчү И. Шартье, Т. Бейли, Т. Макжи жана башкалар үзүрлүү эмгектенишкен. XX кылымдын 2-жарымында Канаданын көп шаарларында консерваториялар, симфониялык оркестрлер жана опералык театрлар ачылган. Алгачкы канадалык профессионал хор коллективи «Фестивал Сингерс» (1954). «Тафельмузик» ансамбли (1979, Торонто) дүйнөгө таанылган. Канадада көптөгөн музыкалык эл аралык конкурстар жана фестивалдар өткөрүлүп турат. 1930-жылдардын башында алгачкы балет коллективдери пайда болгон. 1951-жылы Торонтодо С. Франка Канада улуттук балетти негиздеп, кийин ири балет тобуна айланган. 1957-жылы Монреалда ири канадалык балет «Людмила Ширяеванын балети» труппасынын негизинде Канада чоң балети түзүлгөн. 1959-жылы Канада улуттук балет алдында балет мектеби ачылган. Ошондой эле «Виннипег заманбап бийчилери» (1964), Торонто бий театры (1968) жана башка бий труппалары бар. 1985-жылдан Монреалда жаңы бийлердин эл аралык фестивалы өткөрүлүп турат.
Канада театр өнөрү XVII кылымдан өнүгө баштаган. 1606-жылы Пор-Руаяль кыштагындагы «Нептун» театрында М. Лескарбонун ыр түрүндөгү «Деңиз маскасы» пьесасы коюлган. 1788-жылы Галифакс гарнизонунда өткөрүлгөн Р. Шеридандын «Ушакчылар мектеби» спектаклинде офицерлер аялдардын ролун аткарышкан. 1789-жылы Галифакста, 1820-жылы Торонтодо, 1825-жылы Монреалда, Квебекте, 1862-жылы Виктория жанаа Гамильтон шаарларында театр курулган. Театр труппаларынын репертуарына канадалык драматургдардын

(Ж. Кенель, Ч. Хевисиж, Ч. Мейр) чыгармалары кирген. 1-дүйнөлүк согушка чейин өлкөдө профессионал театрлардын көчүп жүрмө системасы кеңири тараган. 1940-жылдардын аягында ири шаарларда (Монреаль, Торонто, Оттава) профессионал театрлар иштей баштаган. Театр фестивалдары өткөрүлүп турат. XVIII кылымдын аягында Канада аймагында америкалык цирк труппалары гастролго келишкен. 1984-жылы Монреалда Г. Лалиберте жетектеген алгачкы улуттук цирк «Сирк дю Солей» («Күн цирки») ачылып, XXI кылымдын башталышында трансулуттук корпорацияга айланган, бул циркте ар кайсы өлкөлөрдөн келген 500дөн ашык артист иштейт. 1993-жылы Квебекте Монреал цирк окуу жайынын (1981-жылы негизделген) бүтүрүүчүлөрү «Элуаз» жаштар циркин түзүшкөн.
Канада аймагында алгачкы тасмаларды 1898-жылы Т. А. Эдисондун кесиптештери тарткан. 1900-жылдары өлкөгө иммигранттарды кызыктыруу максаты менен даректүү тасмалар тартыла баштаган. 1906-жылы Монреалда алгачкы кино театр ачылган. И. П. Салливен жана У. Х. Кованонун биринчи тарткан оюн тасмасы – «Эванжелина» (1914). 1922-жылы америкалык Р. Флаэрти эскимостордун жашоо-турмушу жөнүндө «Түндүктөгү Нанук» тасмасын тарткан. 1931-жылы Канадада алгачкы «Викинг» үндүү тасмасы тартылган. Улуттук киноматографиянын өнүгүшүнө 1939–1946-жылдары Канадада иштеген англис режиссёру Ж. Грирсон чоң салым кошкон. 1943-жылы Улуттук кино кеңешинде анимация (мультипликация) секциясы негизделген. 1967-жылы кино өнүктүрүү боюнча Канада корпорациясы түзүлгөн соң, кино өндүрүшү жогорулаган. Монреал, Торонто, Ванкувер жана башка шаарларында жылына Эл аралык кинофестивалдар өтөт.
Ад.: Антипова А. В. Канада. Природа и естественные
ресурсы. М., 1965; Данилов С. Ю., Черкасов А. И. Двенадцать лиц Канады. М., 1987; Кулышев Ю. А. Канада. М.,1989; Овчаренко Н. Ф. Канадская литература 20 в.: три грани революции. К., 1991; Современная Канада. М., 1998; Акимов Ю. Г. Очерки ранней истории Канады. СПб., 1999; Соколов В. И. Канада и международное экологическое сотрудничество//
США–Канада, 2000. ¹ 7; Канада//Большая Российская Энциклопедия. Т. 12. М., 2008.
Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.