КАНАДА 2-бөлүк
гана арктика алкагында жайгашкан. Климаттын сезондуулугу даана байкалат, батыштан соккон аба массасы үстөмдүк кылат, аба ырайы кескин өзгөрүп турган циклондук аракет мүнөздүү. Арктика аба массасы чыгыштагы түздүктүү аймактарга зор таасир тийгизет, ага ошондой эле кургактыкка терең (50–51° түндүк кеңдикке чейин) кирип турган Гудзон булуңу да өбөлгө түзөт. Январдын орточо температурасы Канадалык Арктика архипелагынын түндүгүндө –35°Сден Атлантиканын жээктеринде –7...–12°Сге, Тынч океандын жээктеринде 0–4°Сге чейин; июлдун орточо температурасы жогорку тартипте 4°С, 18–21°С, 13–
16°С. Аскалуу тоолордун этектеринде (Маккензи өрөөнүндө) жайкы температура ошол эле кеңдиктердеги чыгыш аймактардан 2–6°Сге жогору.
Канада Кордильерасынын түштүк бөлүгүндөгү деңиз таасиринен алыс жайгашкан тоо аралык өрөөндөрдө ж-а этек тоолордо сутка ичиндеги орточо температура 32°Сден жогору болушу мүмкүн. Жаан-чачын мол жааган жерлери – Тынч океандын жээги (2500 мм) ж-а Атлантика жээгиндеги аймактар (1000–1200 мм), калган жерлеринде 500 мм, арктика аралдарында 150 ммден аз. Кар катмары өлкөнүн бардык аймагында байкалат, калыңдыгы 150 см ж-а андан ашат (Лабрадор жарым аралында). Канаданын 70%ке жакын аймагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бышып жетилүү чегинен түндүк тарапта жайгашкан; бирок түштүк аймактарында арктика абасы киргенде үшүк жүрүшү, ошондой эле түштүк-чыгышындагы түздүктөрдө кургакчылык болушу да мүмкүн. Азыркы муздуктарынын жалпы аянты 195 миң км2, анын 146,5 км2и Канадалык Арктика архипелагында. Тоо мөңгүлөрү Ыйык Илья, Жээк ж-а Аскалуу тоолордо жайгашкан. Дарыя тармактары жыш. Алар негизинен кар-жамгыр сууларынан куралат, түздүктөрүндө суусу жазында кирип, Кордильерада жайында ташкындайт. Дарыяларын түштүгүндө 2,5–3 ай, түндүгүндө 8–9 ай муз каптайт. Канаданын жеринин 2/3 син түзгөн түздүктүү аймагы Атлантика ж-а Түн. Муз океандарынын алаптарына кирет. Мында татаал көл-дарыя системасы түзүлүп, зор аймакта агымды пайда кылат. Алардын ирилери: Ыйык Лаврентий арыясы. Улуу көлдөр м-н кошо (Канадага анын акватория-

сынын 1/3 и гана таандык), жалпы узундугу 3 миң кмден ашык; Финли – Пис-Ривер – Эрксиз – Макензи дарыялары Кичи Эрксиз, Атабаска, Чоң Эрксиз көлдөрү м-н кошо; Боу – Саскачеван – Нельсон дарыясы Боу, Сидар, Виннипег, Виннипегосис, Манитоба, Кросс көлдөрү м-н кошо. Тынч океандын алабына кирген тоолуу батыштын дарыялары адатта кыска, өрөөндөрү кууш ж-а терең; ирилери – Фрейзер ж-а жогорку агымдары Канадага таандык – Юкон, Колумбия дарыялары. Канаданын тоо ж-а түздүк дарыялары кеме каттоого негизинен ыңгайсыз, бирок суу энергиясына бай.
Өлкөнүн жалпы гидроэнергетикалык потенциалы 50–65 млн кВт чамасында, анын 25 млн кВттан ашыгы пайдаланылат. Бардык дарыяларынын жылдык агымынын көлөмү 1207 км3. Көлдөрдүн көптүгүнөн дарыя агымдары жакшы жөнгө салынган. 200дөн ашык ири көлү бар. Түздүктөгү көлдөр негизинен реликт, мөңгүнүн аракетинен же мөңгү-тектоникалык, тоо көлдөрү – тектоникалык ж-а мөңгү-тектоникалык кыймылдардан пайда болгон.
Өлкөнүн түндүк четин (Канадалык Арктика архипелагынын түндүк аралдарын) ээлеген арктикалык чөл зонасында сейрек эңилчек ж-а айрым чөп өсүмдүктөрү өсөт. Ал түштүгүрөөктө мамык чөп-эңилчектүү ж-а мамык чөп-бадалчалуу тундра зонасы м-н алмашат. Тундра зонасы Канадалык Арктика архипелагынын түштүк аралдарын ж-а материктик жээкти ээлейт. Андан түштүктө Кордильеранын этегинен Атлантиканын жээгине чейин тоң-тайга, көбүнчө таштак топурактуу токойлуу тундра ж-а сейрек токой зонасы созулуп жатат. Токойлуу тундра түштүктө күл, айрым жерлеринде саз топурактуу, ак ж-а кара карагай, америка кара карагайы (лиственница), Банкс кызыл карагайы, бальзам көк карагайы басымдуулук кылган тайга зонасы м-н алмашат. Борбордук аймагынын түштүгүн токойлуу талаа ж-а талаа зоналары ээлейт; алардын түндүгүнө парк сымал таралган байтеректүү токой мүнөздүү, түштүгүндө кургак талаа өсүмдүктөрү (ак кылкан, грам чөбү) басымдуу. Бул аймактагы күрдүү токойдун боз, шалбаанын кара, кара ж-а каштан топурактары айыл чарбасында кеңири пайдаланылат. Талаа зонасынын жарымынан ашыгы айдалат. Өлкөнүн түштүк-чыгыш чет-жакасында, тайгадан түштүгүрөөк күл ж-а токойдун коңур топурактары мүнөздүү ийне жазы жалбырактуу токой зонасы жатат. Мында токой салыштырмалуу жетүүгө татаал жерлерде (Аппалачи дөңсөөлөрүндө) сакталган, ал эми күрдүү топурактуу түзөң аймактары (Ыйык Лаврентий дарыясынын түздүктүү өрөөнү ж-а Онтарио жарым аралы) айыл чарбасында пайдаланылат же курулуш текши ээлейт. Кордильера тоолоруна топурак, өсүмдүктөрдүн бийиктик алкактуулугу мүнөздүү.
Түндүгүндө өрөөндөрдүн тоо-тайга токою тоо капталдарында тоо-тайга сейрек токою м-н алмашып, андан жогору тоо тундрасына өтөт. Түштүктө, ички тоолуу аймактарда өрөөндөр тоо талаасы м-н капталган, ал өйдө карай тоонун токойлуу талаасы (парк токойлору), тоонун ийне жалбырактуу токою, субальп ийне жалбырактуу токою ж-а альп шалбаасы зоналары м-н алмашат. Кордильера тоолорунун Тынч океанды караган капталдары этегинен кырларына чейин бийик өскөн жээк токойлору (бийик туя, батыш гемлогу, дугласия көк карагайы, ситхин карагайы, бийик көк карагай ж. б. өтө продуктулуу түрлөрү) м-н капталган.
Токой өлкөнүн жалпы аянтынын 1/3 бөлүгүнөн ашыгын, ал эми өнөр жайлык мааниси бар баалуу токой 1/4 ин ээлейт. Канадалык Арктика архипелагын ж-а материктин тундра зонасын карибу бугусу, мускус бодосу, ак аюу, көгүш түлкү, лемминг, арктика коёну, тундра чили, уюл үкүсү, тайганы, ошондой эле токойлуу тундраны багыш, токой бугусу, бизон, кызыл тыйын чычкан, абырган, чүткөр, коён, суусар, аюу, сүлөөсүн, кызыл түлкү, карышкыр, куну, өлкөнүн чыгыш бөлүгүндөгү ийне-жазы жалбырактуу токойду виргиния бугусу, уапити бугусу, суур, коён, жанат, боз тыйын чычкан, кызыл сүлөөсүн, түштүктөгү токойсуз аймактарды бугу, айры мүйүз антилопа, тыйын чычкандар, кандек чычкан, ач күсөн, талаа түлкүсү, кашкулак, койот мекендейт. Кордильера тоолорунда айбанаттардын бийик тоолордо жашаган түрлөрү басым-

дуу: тоо теке, тоо эчки, гризли аюусу, пума. Дарыялары, көлдөрү, ошондой эле жээк суулары балыкка бай.
Канаданын өсүмдүктөр ж-а жаныбарлар дүйнөсү ландшафттын антропогендик өзгөрүүсүнөн кыйла жапа чеккен (айрыкча өлкөнүн түштүгү). 21-кылымдын башталышында өлкөнүн 25%ке жакын аймагынын табияты өзгөрүүгө дуушарланган. Экологиялык эң татаал кырдаал Онтарио жарым аралынын түздүктөрүндө ж-а Ыйык Лаврентий дарыясынын өрөөнүндө түзүлгөн, анткени ал жерлерде Канаданын калкынын 1/2 и жашап, эң ири шаарлары ж-а негизги өнөр жай борборлору орун алган. Мындагы табигый жазы жалбырактуу токою айыл чарба өсүмдүктөрү ж-а курулуш м-н алмашкан. Эң актуалдуу проблема – атмосферанын, суунун ж-а топурак кыртышынын булганышы; ага кислоталуу жаан-чачын да кошулат, анын жарымы АКШнын чыгыш аймактарынан келет. Көл суусунун булгануусу, балыкты ашыкча кармоо ж-а анын урук таштоо жайынын бузулушу, жырткыч миноганын каналдар системасы аркылуу таралып, баалуу промыселдик балыктарды (жилингир, сига) жеп салышы Улуу көлдөрдүн ихтиофаунасынын жалпы деградациясына алып келди. Натыйжада суу жээктеринде жашаган жаныбарлар популяциясы (кундуз, америка суу суусары) кыскарып, куштардын көп түрлөрү жоголуп кетти. Атлантиканын жээк сууларынын булганышы деңиз балыкчылыгынын өнүгүүсүнүн негизин түзгөн – тресканын азайышына өбөлгө түздү. Урбанизациянын күчөшүнөн калкты ичүүгө жарамдуу таза суу м-н камсыз кылуу проблемасы пайда болду. Тайгадагы негизги экологиялык проблема – жыгач даярдоого ж-а жаан-чачынга байланыштуу токой массивдеринин деградациясы. Кордильера тоолорундагы бийик өскөн дарактардан жыгач көп даярдалгандыктан, токой аянты кескин кыскарууда. Өлкөдө жылына 100 млн м3 жыгач даярдалат. Тоо этегиндеги талааларда ландшафттын антропогендик өзгөрүүлөрү басымдуулук кылат. Мында айдоо жердин 60%и, жайыттын 80%и жайгашкан, кен казылып алынат, ири шаарлар жайгашкан, көптөгөн транспорттук коммуникациялар ж-а куурлар өтөт. Кургакчыл климаттын ж-а антропогендик жогорку басымдын шартында топурак кыртышынын эрозиясы, курулуш ж-а коммуникация үчүн тартып алынган күрдүү жерлерди жоготуу экологиялык жактан өтө коркунучтуу. Канадалык Арктикада жергиликтүү элдердин салттуу промысели (балык кармоо, деңиз промысели ж-а бугу чарбасы) үчүн экологиялык коркунучту атмосферанын жалпы циркуляциясынын натыйжасында жааган радийактивдүү заттар, ошондой эле тирүү организмдердин ткандарында топтолгон органикалык туруктуу булгагычтар түзөт. 1970-жылы кабыл алынган Арктика сууларын коргоо законуна ылайык нефть-газ кендерин казып алуу токтотулгандыгына ж-а Канадалык-Арктика архипелагынын кысыктары аркылуу нефть м-н газды ташууга тыюу салынгандыгына карабастан, али да болсо деңиз сууларынын нефть продуктулары м-н булгануу коркунучу бар; анын үстүнө Маккензи дарыясынын өрөөнүндө да нефть кендери өздөштүрүлүп жатат. Канаданын коргоого алынган табигый аймагы кургактыктын 98,3 млн гасын, жээкке жакын деңиз акваториясынын 3,8 млн гасын ээлейт (2005); анын ичинде өлкөнүн аянтынын 7%и улуттук ж-а провинциялык парктарга таандык. Коргоого алынган ири аймактардын көбү түндүк тарапта жайгашкан; аларга Баффин Же-
риндеги Вуд-Баффало (дүйнөдөгү ири парктардын бири), Ауюиттук (аянты 2 млн гадан ашык), Түндүк Юкон (1 млн га), Аскалуу тоолордун Тынч океандык капталындагы Йохо улуттук парктары кирет. Аянты эң чоң – Райдинг-Маунтин
(1,332 млн га), Саутвест-Нова (1,546 млн га), ошондой эле 2000-жылдарда уюшулган Гурон көлүнүн жээгиндеги Жоржия бухтасы, өлкөнүн атлантикалык бөлүгүндөгү Фанди ж-а Макуаган- Уабишка резерваттары ЮНЕСКОнун 15 биосфералык коругуна кирет. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Вуд-Баффало, Наханни, Мигуаша, Грос-Морн улуттук парктары, Дайносор провинциялык паркы, Канада Аскалуу тоолорунун парктары, ошондой эле АКШнын аймагында жайгашкан – Клуэйн, Врангель тоолору, Ыйык Илья тоолору, Глейшер-Бей парктары ж-а резерваттары, Уотертон-Глейшер эл аралык тынчтык паркы кирген. Канада экологиялык коопсуздук, токой ресурстарын пайдалануу ж-а башкаруу боюнча эл аралык эрежени түзүү, деңиз чөйрөсүн ж-а жээк зоналарын коргоо боюнча маселелерди эл аралык деңгээлде курч коюуда.
Калкы. Канаданын калкынын этностук курамы жөнүндө к. Канадалыктар макаласын. 1901– 2001-жылдарда Канаданын калкы дээрлик 6 эсеге (5,4 млндон 31,0 млнго чейин) өскөн. Ошого жараша ж-а иммигранттардын көбөйүшүнө (20-кылымда 50%ке өскөн) байланыштуу төрөлүүнүн саны да өскөн (1950-жылдардын 1-жарымында 1000 адамга 28,0 бала). 1970-жылдарда төрөлүүнүн азайышынан (1971-жылы 1000 адамдан 16,8 бала төрөлсө, 2007-жылы 1000 адамдан 10,8 бала төрөлгөн) калктын табигый өсүүсү да төмөндөгөн (1971-ж. 1000 тургунга 9,5 адам туура келсе, 2007-ж. 1000 тургунга 3,0 адам гана туура келген). Өлүм-житим 1000 тургунга 7,8 адам туура келген. Канаданын калкынын курактык структурасында өнүккөн башка өлкөлөргө салыштырмалуу 14 жашка чейинки балдардын саны кыйла көбөйгөндүгү (17,3%) ж-а 65 жаштан өткөндөрдүн саны азайгандыгы (13,4%) байкалат; эмгекке жарамдуу курактагы (15–64 жаштагы) калктын үлүшү 69,2%. Калкынын орточо жашы 39,1 жыл. Орто эсеп м-н 100 аялга 98 эркек туура келет (1970- жылдарга чейин аялдарга караганда эркектер көп болгон). Адам өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 80,3 жыл (эркектердики 76,9, аялдардыкы 83,8 жыл); бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. 21-кылымдын башында Канаданын калкынын жалпы санынын өсүшүндө иммиграциянын мааниси зор болгон. 1991–2001-жылдарда Канаданын калкынын саны 3 млнго (анын 1,6 млну иммигранттар), 2006-жылдын июлунан 2007- жылдын июнуна чейин 311,7 миңге (238,1 миңи иммигранттар) өскөн. 20-кылымдын 2-жарымынан иммигранттардын улуттук курамы да кыйла өзгөргөн: 1950-жылга чейин К-га келгендердин ичинен европалыктар басымдуулук кылган (анын 25%тейи Улуу Британиялыктар болгон); 21- к-дын башында Канадага келгендердин 60%ин азиялыктар (анын 25%тейи кытайлар), 20%тейин европалыктар, 8%тейин африкалыктар, 6%тен ашыгын борбордук америкалыктар түзгөн. Иммигранттардын басымдуу бөлүгү – атайын адистиги бар, эмгекке жарамдуу адамдар. Ал эми калктын эмиграциясы төмөн (жылына 40–50 миң адам). Калкынын орточо жыштыгы төмөн, 1 км2 жерге 3 адам туура келет. Алар аймак боюнча өтө ар түрдүү отурукташкан: 90%и АКШ м-н чектешкен тилкеде (жазылыгы 160 кмдей) топтолгон. Канадалыктардын 2/3 синен ашыгы өлкөнүн 5% аянтында, анын түштүк-чыгышында (Онтария провинциясынын түштүк-чыгышында, Квебек провинциясынын түштүк-батышында; жыштыгы 1 км2 жерге 100 адам) жашайт; анда ири шаарлардын басымдуу бөлүгү (Торонто – Оттава – Монреаль урбанизацияланган тилкеси) жайгаш-

кан. Түндүк аймакта (өлкөнүн аянтынын 70%тейи) жашагандар (негизинен аборигендер, ошондой эле рудниктерде вахтада иштегендер) калктын 1,5%ин түзөт. Шаар калкы 80%тен ашык; айылда жашагандардын 3/4 ү айыл чарба өндүрүшүндө иштебейт. Ири шаар агломерациялары: Торонто (2007-жылы калкы 6324,5 миң), Монреаль (3763,7 миң), Ванкувер (2254,4 миң), Оттава (1152,7 миң), Калгари (1140,9 миң), Эдмонтон (1031,9 миң). Канаданын калкынын 77%и христиандар, анын ичинде 43,6%и католиктер, 29,2%и протестанттык түрдүү деноминациялардын өкүлдөрү, 1,6%и православныйлар; ошондой эле 2%и мусулмандар, 1,1%и иудейлер, 1%и буддисттер, 1%и индустар ж. б.
Тарыхы. Канада аймагына адамдар мындан 12 миң жыл мурда отурукташа баштаган. Анын байыркы калкы эскимостор ж-а индейлер деп эсептелет. Палеоиндей мезгилине (11,5–8 миң жыл мурда) таандык Олд-Кроу, Блуфиш-Кейв ж. б. байыркы археологиялык эстеликтер ж-а Гудзон булуңунун түндүк ж-а түндүк-батыш жээгинде (мисалы, Дорсет маданияты), Улуу көлдөрдүн айланасында, Ыйык Лаврентий дарыясынын алабында жаңы эранын чегинде архаика (8–2 миң жыл мурда) мезгилиндеги археологиялык маданияттар, анын ичинде Вудленд маданиятынын түрлөрү пайда болуп, жергиликтүү эл (к. Индейлер, Ирокездер, Эскимостор) негизинен жер иштетип, балык кармап, карапачылык м-н кесиптенишкен. 10–11-кылым дарда Лабрадор ж-а Ньюфаундленд аралдарынын жээктерине келип, Ньюфаундлендге соода колониясын негиздөөгө аракет жасаган. Бирок жергиликтүү калктын каршылыгынан улам викингдердин бул максаты ишке ашкан эмес. Улуу географиялык ачылыштар доорунда европалык державалардын Түндүк Американы колониялаштыруусу башталган. 1497-жылы англиялык королго кызмат кылган итальян Жон Кабот Ньюфаундленд аралынын жээгине жетип, бул жерди Англия ээлиги деп жарыялаган. 1524-жылы флоренциялык Ж. Верраццано жетектеген франциялык экспедиция Жаңы Шотландия ж-а Ньюфаундленд аралдарынын жээктерине келген. 17-кылымдын башында англичандар Гудзон ж-а Жеймс булуңдарынын жээктеринен орун-очок алып, континенттин түштүк-чыгышын өздөштүрө баштаган. 1534-жылы франциялык деңиз саякатчысы Жак Картье Гаспе жарым аралына келип, Франция королунун ж-а католик чиркөөсүнүн бийлигин билдирген крест тургузуп, бул жерлер Францияга тиешелүү деп жарыялаган. 1541–42-жылдарда француздар индейлердин Стадакона кыштагына жакын жерге чакан колония негиздешкен. 1605-жылы Канадада алгачкы франциялык Пор- Руаяль (азыркы Жаңы Шотландия), 1608-жылы Квебек кыштагы (саякатчы, картограф ж-а изилдөөчү С. де Шамплейндин демилгеси м-н) пайда болуп, кийин франциялык колониянын (Жаңы Франция) борборуна айланган. 1608–63-жылдарда франциялык колонияларда Франциянын ар кайсы шаарынан келген соодагерлер жеке соода компаниялары м-н биригип, колониялык саясат жүргүзүшкөн. 1627– 63-жылдарда кардинал Ришелье түзгөн жеке коммерциялык жүз акционерлер компаниясы Жаңы Францияны башкарган. Бирок колониячылардын санынын аздыгынан (3 миң кишидей) басып алган жерлер иштетилбей, ошондой эле жергиликтүү калктын, англичандар м-н француздардын тирешүүлөрү француз колониячыларына киреше алып келген эмес. 1663-жылы Канадада калктын санын көбөйтүү ж-а француздардын таасирин күчөтүү максатында Франциянын королу Людовик XIV Жаңы Францияны королдун провинциясы деп жарыялап, колониялык администрацияга чексиз бийлик берилген. Колонияны коргоого ж-а тышкы иштерине губернатор, ал эми жарандык, сот акыйкаты ж-а каржы иштерине интендант жооптуу болгон. Жогорку Кеңеш королдун жарлыктарын таратып, колониялык соттук аппеляциялык инстанция кызматын аткарган. Жаңы Франциянын өнүгүшүнө анын биринчи губернатору Л. де Фронтенак, интендант Ж. Талон ж-а епископ Ф. Лаваль чоң салым кошушкан. 16-кылымдын 80-жылдарында Ньюфаундленд аралы англиялык ээлик деп жарыяланып, 17-кылымдын 20- жылдарында Канадада англиялык биринчи колония (Жаңы Шотландия) пайда болгон. 17–18-кылымдарда Англия м-н Франциянын Канада үчүн согуштары узакка созулган. Жети жылдык согушта (1756–63) жеңилген Франция Улуу Британияга 70 миң калкы м-н Канаданы берүүгө аргасыз болуп, Квебек провинциясына айландырылган. Квебекте британдык колониялык администрация түзүлүп, француз калкы англичандарга баш ийген абалда калып, француз-католиктер бийликтен четтетилген. Түндүк Америкада көз каранды эместик үчүн болгон согуш (1775–83) башталар алдында революциялык идеялардан «коргоо» максатында англис администрациясы француз калкынын ж-а чиркөө өкүлдөрүнүн укуктарын кеңейткен. Бирок америкалык аскерлердин Квебектеги согуштук компаниясы (1775–76) ишке ашкан эмес. АКШ түзүлгөндөн кийин революциядан чочулаган 40 миңдей лоялист Квебек ж-а Жаңы Шотландия аймактарына качып барган, кийин алардын урпактары англис канадалык улуттун негизин түзгөн. 1784-жылы алар жашаган жерде өзүнчө Нью-Брансуик провинциясы пайда болгон.

18-кылымдын аягында англиялык бийлик кеңири колониялык реформа жүргүзгөн. 1791-жылдагы Конституциялык актынын негизинде Квебек аймагы этностук принцип боюнча эки провинцияга бөлүнгөн: англиялык Жогорку Канада ж-а франциялык Төмөнкү Канада. Эки провинцияда тең өкүлдүк ассамблеялар түзүлгөн. Аткаруучу ж-а мыйзам чыгаруучу бийлик англичандардын (генерал-губернатор ж-а ак сөөктөрдүн) колунда болгондуктан, экономикалык ж-а саясий карама-каршылыктарды пайда кылып, бара-бара улуттук-боштондук кыймылга алып келген. Англия-Америка согушунан (1812–14) кийин Канаданы АКШнын басып алуу коркунучу туулуп, ошондон улам өлкөдө демократиялык реформаларды жүргүзүү ж-а өзүн-өзү башкаруу укугуна ээ болуу кыймылы кулач жайган. 1837–38-жылдарда Жогорку ж-а Төмөнкү Канадада Л. Ж. Папино, Р. Нельсон, У. Л. Макензи, П. Мэтьюз ж. б. жетектеген куралдуу көтөрүлүш чыккан. Алар америкалык үлгүдөгү конституцияны кабыл алууну, «канадалыктардын көз каранды эместик укугуна» кепилдик берүү ж. б. талаптарды коюшкан. Улуу Британия куралдын күчү ж-а өзү аргасыз берген жеңилдик м-н Канададагы бийлигин сактап калган. 1841-жылы эки провинция бир провинцияга (Канада) биригип, жалпы бир өкмөт ж-а эки аймактан тең бирдей сандагы депутаттардан турган шайлануучу өкүлдүк ассамблея түзүлгөн. Англис тили расмий тил болуп, англис-канадалыктар (Жогорку же Батыш Канада) аз болгонуна карабастан, алардын үстөмдүгү сакталып, француз-канадалыктар (Төмөнкү же Чыгыш Канада) административдик-аймактык автономиясынан ажыраган. 1848-жылы Канадада Болдуин–Лафонтен өкмөтү түзүлгөн. 1854-жылы Канадада реформалар (губернатордун чексиз бийлиги, француздарга болгон дискриминация, соодадагы чектөөлөр ж. б. жоюлуп, жер ээлеринин феодалдык жеңилдиктери алынып ташталган) жүргүзүлгөн. Бул реформалар өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө жол ачкан. Канадада өнөр жай төңкөрүшү башталып, калктын саны көбөйүп, өз алдынча болгон колонияларда бир мамлекет түзүүгө шарт түзүлгөн. АКШ мындай абалдагы колонияларга оңой эле кол салып, Улуу Британиядан тартып алмак. Ошондуктан Британиянын Түндүк Америкадагы бардык ээликтеринин биригиши үчүн кыймыл күчөгөн. 1867-жылы англиялык парламент Британиялык Түндүк Америка жөнүндө акт кабыл алып, анын негизинде 4 провинциядан (Жаңы Шотландия, Нью-Брансуик, Онтарио ж-а Квебек) түзүлгөн федерация Канада доминиону деп аталган. Доминиондун түзүлүшү Канаданын Британияга көз карандылыктан кутулуу жолундагы маанилүү кадам болгон. Мамлекеттик борбордоштуруу өлкөнүн жалпы улуттук базарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берген. 1869–70-жылдарда англистерге каршы француздардын Луи Риэль баш болгон көтөрүлүштөрү чыгып, бирок ийгиликсиз аяктаган. 1920–40-жылдардын ортосунда айыл чарба, электр-энергетика, нефть өндүрүшү ж-а өнөр жайы өнүгүп, жумушчулардын саны көбөйүп, шаарлар өсүп, Канада өнүккөн агрардык-индустриялык мамлекетке айланган. 1-дүйнөлүк согушта Канада Улуу Британия тарапта болуп, Советтик Россияга каршы интервенцияга катышкан. Англиянын Канадага таасиринин начарлашы доминиондун саясий өз алдынчалыгы үчүн күрөшүн күчөткөн. Англиянын башка доминиондорундай эле Канада Улуттар Лигасында өз алдынча өкүлдүккө ээ болгон. 1920–30-жылдарда Канаданын укуктары метрополия м-н теңештирилген. Канада экономикасынын тышкы соодага көз карандылыгы, сыртка жалаң сырьё чыгарышы 1929–
33-жылдардагы дүйнөлүк экономикалык кризис мезгилинде өлкөнү бөтөнчө оор абалга дуушар кылган. Канадада өнөр жай өндүрүшү токтоп, жумушчулардын саны кыскарып, эмгек акы азайган. Темир жол компаниялары мамлекеттештирилип, коомдо ар кандай социал-демократиялык уюмдар, партиялар (Канада жумушчу партиясы, Фермерлердин улуттук-прогрессчил партиясы, Жумушчулар кооперация шериктештигинин федерациясы ж. б.) түзүлгөн. Премьер-министр, консерватор Р. Б. Беннеттин өкмөтү (1930–35) экономикалык кризистен чыга албай, дыйкандардын абалы начарлап, жумушчулардын көтөрүлүштөрү (1929–35) көп болгон. 1931-жылы Вестминстер статуту аркылуу Канада Улуу Британиядан саясий көз карандысыздыкка ээ болуп, Канада өкмөтүнүн компетенциясы эл аралык ж-а ички иштерде кеңейген. 1939-жылы Канада парламенттин чечиминин негизинде Франция ж-а Улуу Британиядан кийин 2-дүйнөлүк согушка кирип, гитлердик коалицияга каршы согушкан. Согуштан кийин Канаданын саясатына ж-а экономикасына АКШнын таасири күчөгөн, ошол эле мезгилде Англиянын позициясы начарлай баштаган. 1947-жылы Канаданын калкы өз жарандыгына ээ болушкан. Канада НАТОго кирип (1949), АКШ м-н бир катар согуштук макулдашууларды түзгөн. 1950–60-жылдары өлкөдө либералдар, консерваторлор ж-а демократиялык партиялар түзүлгөн. Партиялар тышкы саясатта Канада м-н Американын ортосундагы мамилелерди жакшыртуу ж-а НАТОдо Канаданын ролун жогорулатуу боюнча маселелерди караган. 1960-жылдардын аягында Канаданын ири өнөр жай компанияларынын теңине жакыны АКШнын карамагына өткөн. Канадалыктар АКШга көз каранды болуп калуудан чочулап, экономикасын ж-а улуттук маданиятын өнүктүрүүгө умтулушкан. Консерваторлор партиясы прогрессивдүү-консерваторлор партиясы (ПКП) болуп өзгөрүп, 1957-жылкы шайлоодо жеңишке жеткен. Бул партиянын төрагасы Ж. Ж. Дифенбейкер салык саясаты ж-а тышкы саясат аркылуу Канаданын экономикасын өз алдынча өнүктүрүүгө (АКШдан тышкары) аракеттенген. 1958-жылы Канада АКШнын ядролук согуш куралдарын камсыздагандан баш тарткандыгы үчүн АКШ м-н Канаданын ортосундагы мамиле курчуп, прогрессивдүү-консерваторлор партиясы (ПКП) оор абалга туш болгон. Анын натыйжасында ПКП шайлоодо жеңилип (1963), Б. Пирсон жетектеген Либералдар партиясы бийликке келген (1963–68). Л. Б. Пирсон тескерисинче АКШ м-н «өзгөчө» жакшы мамиле түзүүгө умтулуп, натыйжада 1964-жылы Канадага ядролук куралдар алынып келинген. 1965-жылы Канада улуттук желегине ээ болгон. 1969-жылы француз тили англис тили м-н тең катар расмий тил болуп калган, 1982-ж. жаңы Конституциясы кабыл алынып, Канада Улуу Британияга көз каранды болбой, өз алдынча мамлекетке айланган. 1980-жылдардан АКШ м-н жакшы мамиледе. 1988-жылы эки мамлекеттин ортосунда эркин соода жүргүзүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Мурдагы СССР м-н Канаданын дипломатиялык мамилелери фашисттик Германияга каршы күрөштө 1942-жылы 12-июнда түзүлгөн. Кансыз согуштун башталышы эки мамлекеттин мамилелерине терс таасир тийгизип, кийин 1950-жылдардын ортосунан соода, илимий- техникалык ж-а маданий байланыштар кайра өнүгө баштаган. Чарбасы. Канада дүйнөдө экономикасы өнүккөн башкы өлкөлөрдүн тобуна кирет. ИДПнин жалпы көлөмү (1266 млрд АКШ доллары) боюнча Канада дүйнөдө 13-орунда; ИДПнин көлөмүн киши башына бөлүштүргөндө (38,4 миң доллар) Канада ири мамлекеттердин ичинен АКШдан кийинки орунду ээлейт. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,961 (2005; дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 4-орунда). 1990-жылдардын ортосунан дүйнөдөгү алдыңкы 5 өлкөнүн бири. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 69%, өнөр жайыныкы ж-а курулуштуку 29%, айыл, токой ж-а балык чарбаларыныкы 2% (2006). ИДПнин өсүүсү 2,5% (2007). Канаданын чарбалык системасына таасирин тийгизген негизги факторлор: АКШ м-н чектеш жайгашып, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык интеграциянын туруктуу өнүгүүсү; аймагынын чоңдугу ж-а калкынын салыштырмалуу аздыгы; табигый ресурстарга байлыгы; капитал импортунун ж-а иммиграциянын маанилүүлүгү. Түндүк Америкада дүйнөдөгү эң ири аймактык чарбалык комплекс Канада м-н АКШнын ортосундагы эркин соода макулдашуусу күчүнө киргенден (1989) тез өнүгө баштады. 1994-жылдан АКШ, Канада ж-а Мексиканын катышуусу м-н эркин соода жөнүндө Түндүк Америка келишими (НАФТА) иштеп, Канаданын экономикасында АКШнын таасири күчөй баштады.
Өнөр жайынын эң өнүккөн тармактары: казып алуу, энергетика, түстүү металлургия, машина куруу (негизинен транспорттук), химия ж-а нефть-химия, токой, жыгач иштетүү ж-а кебез-кездеме өнөр жайы. Казып алуу өнөр жайы – өлкөнүн негизги тармактарынын бири, негизинен экспортко багытталган (казып алынган сырьёнун 80%и сыртка сатылат) минералдык сырьёнун 60ка жакын түрүн чыгарат. Канада энергия ресурстарына болгон ички муктаждыгын толук камсыз кылат. Энергия пайдалануу структурасында нефтинин үлүшү 30,6%, табигый газдыкы 27,0%, гидроэнергияныкы 24,6%, таш көмүрдүкү 10,8%, атом энергиясыныкы 7,0% (2006). 2006-жылы 151,3 млн т нефть (дүйнөдө 8-орунда), 190 млрд м3 газ казылып алынган (дүйнөдө Россия, АКШдан кийинки 3-орунда). Нефть м-н газ казып алынуучу негизги региону – Альберта провинциясы. 2006-жылы 62,9 млн т таш көмүр казылып алынган; казылып алынуучу негизги аймактары: Альберта (50%и), Британия Колумбиясы (30%и), Саскачеван (15%и) провинциялары. Канада уран рудасын казып алуу (12,6 миң T ) ж-а анын концентратын өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда. Дүйнөлүк урандын 30%ке жакыны Саскачеван провинциясынан казылып алынат; башка ири кендери: Мак-Артур-Ривер, Раббит- Лейк, Мак-Клин-Лейк, Сигар-Лейк (запасы боюнча дүйнөдөгү ири кендердин бири).
Электр энергиясын өндүрүү боюнча (616 млрд кВт.с; 2006) Канада дүйнөлүк алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирет. Электр энергиясынын 62%и ГЭСтен, 20%и ЖЭСтен, 15,6%и АЭСтен, калган бөлүгү башка энергия булактарынан өндүрүлөт.
Канада – электр энергияны ГЭСтен өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер (ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 67 млн кВттан ашык). Дүйнөдөгү эң ири гидрокурулуш – 8 ГЭСтен турган каскад (кубаттуулугу 16 миң МВттан ашык) Ла-Гранд дарыясында ж-а анын куймаларында (Квебек провинциясында)

курулган. Ири ЖЭСтер жайгашкан шаарлар: Нантикок (кубаттуулугу 4000 МВттан ашык; Түндүк Америкадагы эң ири ЖЭС, көмүрдө иштейт; Онтарио провинциясында), Ламбтон (2000 МВт чамасында; көмүрдө иштейт; Квебек провинциясында), Леннокс (2140 МВт; газда иштейт; Онтарио провинциясында). Атомдук энергетика өлкөнүн өзүнүн сырьёсунда иштейт. Эң ири АЭСтери Онтарио провинциясында жайгашкан. Металлургия – иштеп чыгуучу өнөр жайынын негизги тармактарынын бири; жергиликтүү сырьёлордо иштеп, продукциясы негизинен экспортко чыгарылат. Темир кенташтары (17,9 млн r металл) Кэрол-Лейк (Ньюфаундленд, Лабрадор провинцияларында) ж-а Маунт-Райт (Квебек провинциясында) кендеринен казылып алынат; темир концентраты, окатыш, чоюн, болот, феррокуйма, прокат өндүрүлөт. Түстүү металлдардан кобальттуу жез-никель, полиметалл, жез-молибден кенташтары казылып алынат. Түстүү металлдардан цинк (дүйнөдө Кытай, Австралия, Перудан кийинки 4-орунда), жез, никель (Россия, Австралиядан кийинки 3-орунда), коргошун, молибден, кобальт, күмүш, селен казылып алынат. Алгачкы алюминийди өндүрүү (2,9 млн r; Бразилия ж-а Австралия сырьёлорунда иштейт) маанилүү орунда; негизинен Квебек провинциясынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө, ошондой эле Китмат шаарында өндүрүлөт. Калий тузун казып алуу (10,6 млн r ) боюнча дүйнөдө 1-орунду ээлейт; жалпысынан 10 ири кени бар; алардын негизгилери – Саскачеван ж-а Нью-Брансуик провинцияларында. 2005-жылы 243 млн r асбест казылып алынган (Россия, Кытай ж-а Казакстандан кийинки 4-орунда); кендери негизинен Квебек провинциясынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Алмаз казып алуу (12,3 млн r; 2005) боюнча дүйнөдө Ботсвана, Россия ж-а Австралиядан кийинки 4- орунда; негизги кендери: Дайавик, Экати, Жерико, Снап-Лейк.
Машина куруу өнөр жайы (иштеп чыгаруучу өнөр жайы продукциясынын наркынын 1/4 ин түзөт) негизинен транспорт каражаттарын, авиакосмос техникасын, электрондук продукцияларды, телекоммуникация жабдууларын чыгарууга адистешкен. Автомобиль куруу ишканалары (өнөр жай продукциясынын 12,5%и) негизинен Онтарио провинциясынын түштүк бөлүгүндө топтолгон. 2005-жылы 2,5 млн жеңил автомобиль чыгарган (продукциясынын наркы 65 млрд доллардан ашык). Жүк ташуучу оор автомобиль, шасси ж-а автобустар (продукциясынын наркы 3,7 млрд доллардан ашык) 35 ишканада чыгарылат. Канада авиакосмос техникаларын (аэробус, самолёт, самолёт-амфибия), ылдам жүрүүчү поезд ж-а темир жол кыймылдуу курамын (ылдам жүрүүчү экспресс ж-а анын локомотивдерин, метрополитен үчүн кыймылдуу курам) чыгарат. Электрондук өнөр жай да тез өнүгүүдө: телекоммуникация жабдууларын, компьютер ж. б. офис техникаларын чыгарат, ошондой эле кеме куруу ж-а кеме ремонттоо да өнүккөн. Машина куруу ишканалары, ошондой эле электр-энергетика, казып алуучу тармактар, токой өнөр жай ишканалары үчүн жабдууларды чыгарат.
Хим. ж-а нефть-химия өнөр жайы өзүнүн сырьёсу м-н иштейт. Органикалык синтездин (этилен, пропилен, түрдүү полимерлер, синтетикалык була, пластмасса ж. б.) ж-а негизги химиянын түрдүү продукцияларын, минералдык жер семирткич ж. б. чыгарат. Канада минералдык жер семирткич чыгарган дүйнөдөгү башкы өлкө болуп саналат; ишканаларынын 80%тен ашыгы Альберта провинциясында жайгашкан. Минералдык жер семирткичтин жарымынан көбү (86%и АКШга) экспорттолот.
Токой, жыгач иштетүү ж-а целлюлоза-кагаз өнөр жайы үчүн токой ресурстары арбын. Токой негизинен мамлекеттик менчикте; 21-кылымдын башында 190 миң м3ге жакын жыгач, анын ичинде 150 миң м3

таарынды ж-а бекемдөөчү материалдар, 30 миң м3ден ашык целлюлоза үчүн жыгач даярдалган. Целлюлоза-кагаз өнөр жай ишканалары (бардыгы 155тен ашык, көбү ири ишканалар) кагаз м-н картондун түрлөрүн чыгарат (продукциясынын наркы 25 млрд доллардан ашык). Ишканаларынын 2/3 си өлкөнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө (ири ГЭСтерге жакын), ошондой эле Канаданын түштүк-батышында (Британия Колумбиясынын аймагында) топтолгон. Тармактын продукциясынын негизги кардары – АКШ (80%ин сатып алат). Текстиль, кийим, булгаары буюмдар ж-а бут кийим өндүрүштөрү Монреалда (50%тен ашыгы), ошондой эле Торонто, Ванкувер, Виннипег шаарларында топтолгон.
Тамак-аш өнөр жайы негизинен өзүнүн айыл чарба сырьёлорун (эт, сүт, дан) иштетүүгө багытталган. Ошондой эле пиво, этил спиртин ж-а спирт ичимдиктерин (виски, ром, жин, ликёр) чыгарат. Балык иштетүүчү көптөгөн ишканалары өлкөнүн чыгыш ж-а түштүк-батыш жээк аймактарында жайгашкан.
Канада – айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү дүйнөдөгү ири өлкөлөрдүн бири; азык-түлүктүн негизги түрлөрү боюнча ички муктаждыкты толук камсыз кылат. Агрардык продукцияны экспорттоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт (айыл чарба продукциясынын 1/2 и экспорттолот). Канаданын агрардык секторуна – адистешүүнүн жогорку деңгээли, өндүрүшүнүн топтолушу (иштетилүүчү жердин 75%ке жакыны түштүктөгү Манитоба, Саскачеван, Альберта провинцияларындагы талааларга туура келет), механикалаштыруу ж-а эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулугу мүнөздүү. Айыл чарбагага жарактуу жеринин аянты 68 млн га (Канаданын аймагынын 7,4%и), анын 53%и айдоо, 47%и шалбаа ж-а жайыт. Фермер чарбалары басымдуу (алардын саны 2006-жылы 229 миңден ашык болгон); фермерлердин 95%тен ашыгынын жеке менчик жерлери бар, калгандары жерди ижарага алып иштетет. Айыл чарба продукцияларын негизги өндүрүүчүлөр – адистешкен ири чарбалар; ферма жеринин орточо өлчөмү 300 га. Азыркы айыл чарба техникалары кеңири пайдаланылат, бирок фермалардын жеринин өтө чоңдугуна байланыштуу 1000 га жерге туура келген трактордун саны боюнча (1000 га жерге 16 трактор) жогорку өнүккөн өлкөлөрдөн өтө артта калган.
Башкы тармагы – мал чарбасы (айыл чарба продукциясынын наркынын 60%тен ашыгы); анда эт ж-а сүт багытындагы мал, чочко, үй кушу ж-а кой асыралат. 2007-жылы 15,9 млн бодо мал (сааны 1,5 млн), 14,5 млн чочко, 0,6 млн кой, 660 млндон ашык үй кушу болгон. Мал чарбасы өндүргөн продукциялардын негизги түрлөрү: 7,6 млрд л сүт (каймагы м-н кошо), 32,6 млн т уй эти, 1,5 млн т торпок эти, 50 млн т чочко эти, 2,2 млн т кой эти, 58 млн т дан ашык куш эти, 6,9 млрд даана жумуртка даярдалган.
Териси баалуу айбанат чарбасы (продукциясынын наркы 90,2 млн доллар; 2006) ж-а тери промысели (31,4 млн доллар) да өнүккөн. Айбанат асыроочу фермалары негизинен суу суусарын өстүрүүгө адистешкен (негизинен суу суусарынын, ошондой эле түлкүнүн терилерин даярдайт). Ошондой эле териси үчүн калтар чычкан, куну, суусар, тыйын чычкан, койотко аңчылык кылынат.
Фермалардын көбү Канаданын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Канада буудай жыйноо боюнча (2007-жылы 26,8 млн т ) 5–6-орунду ээлейт. Жыйналган буудайдын 80%ке жакыны экспорттолот. Ошондой эле арпа, канола, жүгөрү, соя, нокот, жашылча, кара күрүч, күн карама, кара буудай ж. б. да эгилет. Өлкөнүн түштүгүндөгү айрым жерлерде алма, алмурут, шабдалы, өрүк, алча, гилас өстүрүлөт; жүзүмчүлүк да өнүккөн. Накта канадалык продукт – ак чечек ширеси (2006-жылы 30 млн л өндүрүлгөн; дүйнөлүк өндүрүштүн 80%ке жакыны); ширенин 70%ке жакыны Квебек провинциясында өндүрүлөт. Айыл чарба өндүрүшүнүн башкы аймагы – Манитоба, Саскачеван, Альберта провинцияларынын түштүк бөлүктөрү; негизги адистешүүсү – дан эгиндерин өстүрүү (буудайдын 50%тен ашыгы Саскачеван провинциясынан жыйналат); жайытта багылган эт багытындагы мал ж-а эт-жүн багытындагы кой чарбалары. Экинчи маанилүү аймагы – Квебек, Онтарио провинцияларынын түштүгү, анда саан уй басымдуулук кылган мал чарбасы, жашылчачылык ж-а бакчылык (негизинен Ниагара жарым аралында) өнүккөн. Адистешкен айыл чарбасы бар башка аймактар – Эдуард канзада аралы ж-а Нью-Брансуик провинциясы (картөшкө), Жаңы Шотландия провинциясы (Аннаполис д-нын өрөөнүндө

канада алмасынын түшүмүнүн 10%и жыйналат), Британия Колумбиясы провинциясынын түштүгү (Оканоган дарыясынын өрөөнүндө – бакчылык ж-а жүзүмчүлүк, саан уй), Британия Колумбиясынын борбордук бөлүгү (негизинен эт багытындагы мал чарбасы).
Балыкчылыктын да мааниси зор. 2004-жылы 600 миң т дан ашык деңиз балыгы (негизинен треска, сельд, лосос, палтус) ж-а 530 миң т чамасында деңиз продуктулары (краб, омар, устрица) кармалган. Балыкчылык чыгыш провинцияларында ж-а батышында (кармалган балыктын 1/3 и Британия Колумбиясы провинциясына туура келет) өнүккөн. Канада – тоңдурулган балыкты экспорттоо боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири.
Өлкөнүн экономикасынын ири сектору – тейлөө чөйрөсү. Эң маанилүүлөрү – финансы ж-а ишкердик жактан тейлөөлөр. Финансылык тейлөөлөрдү банк-кредит сектору, камсыздандыруу бизнеси, биржалар жүргүзөт. Ишкер сектору – бухгалтер-аудитор, маалымат-кеңеш берүү, инженер-техникалык, компьютердик, юридикалык ж. б. боюнча тейлөөнү камтыйт. Рекреациялык тейлөөнүн ж-а аны м-н байланыштуу мейманкана, ресторан бизнестеринин мааниси зор. 2005-жылы Канадага келген 36 млн туристтин 14,4 млну АКШлыктар; Кытайдан келген туристтердин саны тез өсүүдө. Туризмден түшкөн киреше 14 млрд долларды түзөт. Туризмдин негизги борборлору: Квебек, Монреаль, Торонто, Ванкувер. Туристтерди, ошондой эле табигый объектилер кызыктырат: Ниагара шаркыратмасы (Канаданын аймагындагы – Така сымал шаркыратманын жазылыгы 800 м, бийиктиги 48 м чамасында), аскалуу тоолордогу Колумбия мөңгүсү, көл ландшафттары. Альберта, Британия Колумбиясы провинцияларында жайгашкан улуттук парктардагы ж-а коруктардагы экол. туризм тез өнүгүүдө.
Канаданын транспорт системасынын өзгөчөлүктөрүн анын чарбасынын ж-а калкынын аймак боюнча жайгашуу структурасынын бөтөнчөлүгү түзөт: аянты чоң башка өлкөлөргө салыштырмалуу Канадада жүк ташуу чыгымы кыйла жогору, ал эми жүргүнчүлөрдүн каттоосунун орточо узактыгы төмөн. Өлкөнүн түштүгүндө негизги транспорттук коридор-тилке (Атлантика м-н Тынч океанынын жээктериндеги портторду байланыштырган ж-а жарыш жаткан бир нече темир ж-а автомобиль жол магистралдары) түзүлгөн. Ошол коридорду жээктей көптөгөн ири транспорт түйүндөрү жайгашып, негизги транспорт агымдары өтөт.
Автомобиль жолунун узундугу 1408,8 миң км (2006); анын 7,3%и – ылдам жүрүү үчүн автомагистралдар ж-а улуттук шосселер. Өлкөнүн түштүгүндөгү автомобиль жол тармактарынын негизги өзөгү – Трансканада шоссеси (Виктория, Ванкувер аралдык / паромдук катнаш – Ванкувер – Калгари – Режайна – Виннипег – Тандер-Бей – Су-Сент-Мари – Садбери – Оттава – Монреаль – Квебек – Фредериктон – Сидни Майнс / Ньюфаундленд аралына паромдук байланыш) – Чаннел- Порт-о-Баск – Сент-Жонс ж-а анын Торонто, Галифакс, Эдуард канзада аралына (узундугу 13 км көпүрө аркылуу) кеткен тармактары. Өлкөнүн түндүгүнө меридиан багытында: Руэн – Форт-Жорж (Квебек провинциясы); Виннипег – Гранд-Рапидс – Томпсон – Кинусао (Манитобо провинциясынын түндүгү); Саскатун – Принс-Альберт – Саутенд; Саскатун – Баффало-Нарроус (Саскачеван провинциясынын түндүгү); Эдмонтон – Форт-Мак- Марри – Битьюмаунт (Альберта провинциясынын түндүк-чыгышы) автомагистралдары кетет. Дагы башка маанилүү автомагистралдары арбын.
Деңиз транспорту аркылуу сырткы сооданын кыйла бөлүгү өтөт (экспорттун 64%и, импорттун 42%и). Темир жолунун узундугу 74,6 км (2006). Темир жол тармагы трансканадалык 3 магистралдан турат: Галифакс – Квебек – Кокран – Виннипег – Саскатун – Эдмонтон – Принс-Жорж – Принс-Руперт; Квебек-Монреаль – Торонто – Садбери – Тандер-Бей – Виннипег – Режайна – Калгари – Камлупс – Ванкувер; Квебек – Монреаль – Каприол – Виннипег – Эдмонтон – Ванкувер. Торонто м-н Монреалда метрополитен иштейт. Куур транспортунун жалпы узундугу 360 миң кмден ашык, анын 316,8 миң кми газ, 45,7 миң кми нефть ж-а нефть продукту өткөргүч куур. Кеме каттоо Ыйык Лаврентий ж-а Улуу көлдөр аркылуу өтүп (узундугу 3,8 км), Атлантика океанынын портторун деңиз кемелери Улуу көлдөрдүн порттору м-н байланыштырат. Паромдук байланыштар да арбын. 1300дөн ашык аэропорту бар. Ири аэропорттору: Торонто, Ванкувер, Монреаль, Калгари, Эдмонтон.
Канада товарды экспорттоо (дүйнөлүк экспорттун 3,2%и; 2006) ж-а импорттоо (дүйнөлүк экспорттун 2,9%и) боюнча дүйнөдө 9-орунда. Экспорт наркынын 2/3 синен ашыгы (55,6%) иштеп чыгуучу өнөр жай тармагынын продукциясына туура келет.
Экспортко негизинен нефть, газ, көмүр (19,7%), автомобиль куруу өнөр жайынын продукциялары (16,7%), металлдар ж-а куймалар (8,1%), то-


кой, жыгач иштетүү ж-а целлюлоза-кагаз өнөр жай продукциялары (6,3%), жалпы машина куруу продукциялары (4,9%), авиакуруу продукциялары (4,5%) чыгарылат. Импортунда иштеп чыгаруу өнөр жай продукциялары басымдуу (78,2%; 2006); анын маанилүүлөрү: автомобиль куруу өнөр жай продукциялары (19,2%), керектөө товарлары (13,2%), нефть (8,8%), жалпы машина куруу продукциялары (7,6%), химия ж-а нефть-химия өнөр жай продукциялары (7,3%), металлургия өнөр жай продукциялары (6,9%), айыл чарба ж-а балык чарба продукциялары (6,1%). Канаданын негизги соода шериги – АКШ (ага экспорттун 79%и, импорттун 54,2%и туура келет; 2007). Башка маанилүү соода шериктери: Кытай (экспорттун 9,4%и, импорттун 2,1%и), Мексика (ирети м-н 4,2% ж-а 1,1%), Япония (3,8% ж-а 2,1%), Улуу Британия (2,8% ж-а 2,9%), Норвегия (1,3 ж-а 0,8%). Канаданын сырткы соода тейлөөсүнүн экспорттук наркы 57,8 млрд доллар, импорттук наркы 71,7 млрд доллар (2006). Эң маанилүүлөрү – туристтик (экспорттун 25,4%и, импорттун 28,6%и) ж-а транспорттук (ирети м-н 18,5 ж-а 23,6%) тейлөөлөр.
Маданияты. Канаданын б и л и м б е р ү ү системасы бирдей эмес, башталгыч жана орто билим берүү маселеси провинция бийлигинин карамагында. Ар бир провинция өзүнүн билим берүү мыйзамдарына жана башкаруу органдарына (министрликке) ээ. Алардын ишин 1960-жылдан Канада билим берүү министрлер комитети (1967-жылдан билим берүү министрлер кеңеши) башкарат. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 4–5 жаштан тарбияланат. Толук орто билим берүү көпчүлүк провинцияларда 12, Манитобе жана Онтариодо 13, Квебекте 11 жылга созулат да, үч баскычтан турат: башталгыч мектеп – 6 жыл (Манитобеде, Онтариодо – 8 жыл), жалпы орто мектеп – 3 жыл, толук орто мектеп – 3 жыл.
Окутуу өлкөнүн расмий эки тилинин биринде (англис же француз) жүргүзүлөт. Өлкөдө мамлекеттик жана конфессиялык (католиктик) мектептер бар. Канадада 175ке жакын мамлекеттик жана менчик коллежде 300 миңдей окуучу окуйт. Коллеждер, коомдук, техникалыык, жалпы жана кесиптик билим берүү системаларына бөлүнөт. 100гө жакын жогорку окуу жайларда (университет, университеттик коллеждер) 1,5 млндой студент билим алат. Белгилүү окуу жайлары: Фредериктон шаарындагы Нью-Брансуик провинциясынын университети (эң эски жогорку окуу жай, 1785), Торонто (1827), Оттава (1848), Лаваль (1852), Виннипег (1871), Монреаль (1876) жана башкалар, ошондой эле консерваториялар: Торонто (1886), Монреаль (1942), Квебек (1944) жана башкалар. Ири китепканалары: Виннипегдеги Манитоба юридикалык (1877), Оттавадагы Канада айыл чарба (1910), элдик, академиялык, университеттик., коллеждик жана башкалар. Архивдери: Викториядагы Британдык Колумбия (1893), Виннипегдеги Манитоба (1884), Квебектеги Квебек (1920), Галифакседеги Жаңы Шотландия (1929), Эдмонтондогу Альберта (1963), Фредериктондогу Нью-Брансуик (1968) провинциялары жана башкалар. Канадада 2 миңден ашуун музей жана тарыхый парктар бар. Музейлери: Оттавадагы улуттук галерея, Монреалдагы асем өнөр музейи, Торонто көркөм галереясы, Ванкувер, Виктория, Виннипег, Квебек, Калгари, Галифакс музейлери жана башкалар. Канаданын байыркы илимий мекемеси – Оттавадагы Канада королдук коому (1882). Анын курамына адабият жана гуманитардык илимдер, Социалдык жана гуманитардык илимдер академиясы, илимий-изилдөө мекемелери иштейт.
Канадада күн сайын 100дөн ашык гезиттер чыгат (2006), анын ичинде француз тилинде 11, калгандары англис тилинде. Канаданын эң биринчи гезити 1752-жылы Жаңы Шотландияда чыккан. Ири гезиттери: англис «The To- ronto Star» (1892-жылдан), улуттук гезиттери: англисче «Globe and Mail» (1844), «National Post» жана башкалар. Алгачкы журналы «The Nova Scotia Ma- gazine and Comprehensive Review of Literature,
Politics and News» (1789–1792). англисче жана французча көптөгөн журналдар чыгат. Улуттук башкы кабарлар агентчилиги – Canadian Press (1917-жылы түзүлгөн). радио уктуруу 1930-жылдардан, теле көрсөтүү 1950-жылдардан жалпы улуттук маалыматтык радио жана теле берүүнү «Canadian Broadcasting Corporation» корпорациясы ишке ашырат.
Канада адабияты англис жана француз тилдеринде өнүгүүдө. Канадада байыртадан индейлер менен эскимостордун фольклордук салты болгон. XVIII кылымдын 2-жарымынан журналистика өнүгө баштап, классикалык духтагы чыгармалар жарык көргөн.

XIX кылымдын ортосунда романтизм кеңири жайылып, лирикалык поэзия (Ф. К. Гарно, Н. Обен, О. Ж. Кремази, П. Леме, А. Пуассон жана башкалар) өнүккөн. Прозада Ж. Мармет, Э. Руссо, Н. Бурасс, Л. Конан жана башкалар эмгектенген. Адабий монреаль мектебинин түзүлүшү (Ж. Шарбонно, Э. Неллиган) адабиятты жандандырган. XX кылымдын 20–30-жылдарында Канада адабиятында реализмдин өнүгүшүнө Л. Эмондун «Мария Шанделен» романы нук салган, XX кылымдын 2-жарымында роман жана повесть, ошондой эле драма өнүккөн.
Канаданын көркөм маданиятында жергиликтүү элдердин (индейлер менен эскимостордун), Европа жана Америка Кошмо Штаттардан келген келгиндердин искусствосунун салттары сакталган. Тынч океан жээгиндеги индейлер жыгач үйлөрдү курушуп, оймо, сүрөт түшүрүп, чегүү, саймалуу кездеме токуу, жыгач жана самандан бет кеп жасоо, бугу жана багыштын жүнүнөн саймалап өрүү жана башкалар менен алектенишкен. Европалыктардын келиши менен Канадага Англия менен Франциянын искусствосу жайылган. XVII кылымдан француз типтеги турак үйлөр, коомдук имараттар (госпиталдар, семинарийлер жана башкалар) таштан курула баштаган. XVII кылымдын ортосунда Квебекке епископ Лавалдын келиши менен Канадада чиркөөлөр (Орлеан аралында Сен-Лоран 1695; Сен-Пьер 1716; Сан-Фамий 1743–1746 жана башкалар) салынган. XIX кылымда Канадада Ж. Демер, Т. Байарже жана башка архитекторлор иштеген. Англис тибиндеги имараттар XVIII кылымдын аягы – XIX кылымдын башында Дублин, Кингстон, Олд-Ирокуой шаарында таштан салына баштаган. Канаданын сүрөт өнөрүндө алгачкы ийгиликтер француз кол өнөрчүлөрдүн ишмердиги менен байланышкан. XVIII кылымдын аягында Канадада реалисттик пейзаж чеберлери (Ф. Бокур, А. Пламондон Т. Дэйвис, П. Кейн, Х. Уотсон, Х. Уокер, М. О. де Фуа Сюзор-Коте, М. Каллен жана башкалар) иштеген. XIX кылымдын 2-жарымынан анча бийик эмес үйлөрү бар түз көчөлүү жаңы шаарлар, аларда америкалык типтеги асман тиреген үйлөр пайда боло баштаган. Өнөр жайына XIX кылымдын 2-жарымы – XX кылымдын башындагы коомдук жана ишкер комплекстер неоклассика жана неоготика мүнөздүү. XX кылымдын 2-жарымында интернационалдык стиль кеңири жайылган [Торонтодогу Доминион-сентер (1964–1971, архитектору Л. Мис ван дер Роэ) ишкана комплекси; Оттавадагы улуттук сүрөт борбору (1964–1969)]. XX кылымдын 70-жылдарынан көп функциялуу заманбап имараттар курулган. XX кылымда көркөм өнөрүндө шаар жана айыл пейзажы, элдик мотивге каныккан (Ж. У. Моррис, К. Ганьон), айкел (Ф. Лоринг), графика (Э. Сетон-Томпсон), живопись (Д. Милна), пейзаж (Э. Карр), дизайн жана элдик чыгармачылылык өнүккөн.
Музыка жергиликтүү калк менен келгиндердин салттык музыкасынын негизинде өнүккөн. Англис-канадалыктар менен француз-канадалыктардын музыкасы бири-бирине көз каранды болбой өз алдынча өнүккөн. XVIII кылымдан чиркөө музыкасы басымдуулук кылса, XIX кылымдан опера оюндары коюла баштаган. XIX кылымдын 2-жарымынан ири шаарларда музыка өнөрү жанданып, ышкыбоздор коому түзүлүп, натыйжада улуттук музыка калыптанган. Канадада алгачкы симфониялык оркестр «Квебек гармоникалык коому» (1819), Торонто (1845–1894) жана Монреалда (1875–1899) филармониялык коом пайда болгон. Өлкөдө хор маданиятынын өнүгүшүнө Монреалдын Мендельсон хору (1864–1894) маанилүү роль ойногон. XIX кылымдын аягында Америка Кошмо Штаттары жана Европадан билим алып, ошол жакта иштеген канадалык профессионал композиторлор, музыкант-аткаруучулар (Э. Альбани, Э. Готье жана башкалар) дүйнөгө таанымал болгон. XIX кылымда К. Лавалле, А. Контан, Г. Кутюр жана башкалар, XX кылымдын 1-жарымында «Деирдра» операсын жаратуучу –Х. Уиллан, XX кылымдын 2-жарымында профессионал композиторлор Ж. Бекуит, Н. Бикфорт, Б. Матер, К. Вивье жана башкалар, пианисттер: Г. Гульд, О. Питерсон жана башкалар, ырчылар Т. Стратас, Н. Аржента, Й. Виккерс, П. Барца, жана башка пианист жана композитор М. А. Амлен, дирижёр жана виолончелист Ш. Удре, музыка изилдөөчү И. Шартье, Т. Бейли, Т. Макжи жана башкалар үзүрлүү эмгектенишкен. XX кылымдын 2-жарымында Канаданын көп шаарларында консерваториялар, симфониялык оркестрлер жана опералык театрлар ачылган. Алгачкы канадалык профессионал хор коллективи «Фестивал Сингерс» (1954). «Тафельмузик» ансамбли (1979, Торонто) дүйнөгө таанылган. Канадада көптөгөн музыкалык эл аралык конкурстар жана фестивалдар өткөрүлүп турат. 1930-жылдардын башында алгачкы балет коллективдери пайда болгон. 1951-жылы Торонтодо С. Франка Канада улуттук балетти негиздеп, кийин ири балет тобуна айланган. 1957-жылы Монреалда ири канадалык балет «Людмила Ширяеванын балети» труппасынын негизинде Канада чоң балети түзүлгөн. 1959-жылы Канада улуттук балет алдында балет мектеби ачылган. Ошондой эле «Виннипег заманбап бийчилери» (1964), Торонто бий театры (1968) жана башка бий труппалары бар. 1985-жылдан Монреалда жаңы бийлердин эл аралык фестивалы өткөрүлүп турат.
Канада театр өнөрү XVII кылымдан өнүгө баштаган. 1606-жылы Пор-Руаяль кыштагындагы «Нептун» театрында М. Лескарбонун ыр түрүндөгү «Деңиз маскасы» пьесасы коюлган. 1788-жылы Галифакс гарнизонунда өткөрүлгөн Р. Шеридандын «Ушакчылар мектеби» спектаклинде офицерлер аялдардын ролун аткарышкан. 1789-жылы Галифакста, 1820-жылы Торонтодо, 1825-жылы Монреалда, Квебекте, 1862-жылы Виктория жанаа Гамильтон шаарларында театр курулган. Театр труппаларынын репертуарына канадалык драматургдардын

(Ж. Кенель, Ч. Хевисиж, Ч. Мейр) чыгармалары кирген. 1-дүйнөлүк согушка чейин өлкөдө профессионал театрлардын көчүп жүрмө системасы кеңири тараган. 1940-жылдардын аягында ири шаарларда (Монреаль, Торонто, Оттава) профессионал театрлар иштей баштаган. Театр фестивалдары өткөрүлүп турат. XVIII кылымдын аягында Канада аймагында америкалык цирк труппалары гастролго келишкен. 1984-жылы Монреалда Г. Лалиберте жетектеген алгачкы улуттук цирк «Сирк дю Солей» («Күн цирки») ачылып, XXI кылымдын башталышында трансулуттук корпорацияга айланган, бул циркте ар кайсы өлкөлөрдөн келген 500дөн ашык артист иштейт. 1993-жылы Квебекте Монреал цирк окуу жайынын (1981-жылы негизделген) бүтүрүүчүлөрү «Элуаз» жаштар циркин түзүшкөн.
Канада аймагында алгачкы тасмаларды 1898-жылы Т. А. Эдисондун кесиптештери тарткан. 1900-жылдары өлкөгө иммигранттарды кызыктыруу максаты менен даректүү тасмалар тартыла баштаган. 1906-жылы Монреалда алгачкы кино театр ачылган. И. П. Салливен жана У. Х. Кованонун биринчи тарткан оюн тасмасы – «Эванжелина» (1914). 1922-жылы америкалык Р. Флаэрти эскимостордун жашоо-турмушу жөнүндө «Түндүктөгү Нанук» тасмасын тарткан. 1931-жылы Канадада алгачкы «Викинг» үндүү тасмасы тартылган. Улуттук киноматографиянын өнүгүшүнө 1939–1946-жылдары Канадада иштеген англис режиссёру Ж. Грирсон чоң салым кошкон. 1943-жылы Улуттук кино кеңешинде анимация (мультипликация) секциясы негизделген. 1967-жылы кино өнүктүрүү боюнча Канада корпорациясы түзүлгөн соң, кино өндүрүшү жогорулаган. Монреал, Торонто, Ванкувер жана башка шаарларында жылына Эл аралык кинофестивалдар өтөт.
Ад.: Антипова А. В. Канада. Природа и естественные ресурсы. М., 1965; Данилов С. Ю., Черкасов А. И. Двенадцать лиц Канады. М., 1987; Кулышев Ю. А. Канада. М.,1989; Овчаренко Н. Ф. Канадская литература 20 в.: три грани революции. К., 1991; Современная Канада. М., 1998; Акимов Ю. Г. Очерки ранней истории Канады. СПб., 1999; Соколов В. И. Канада и международное экологическое сотрудничество// США–Канада, 2000. № 7; Канада//Большая Российская Энциклопедия. Т. 12. М., 2008.
Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.