«КАРА-БАЛТА ТОО-КЕН КОМБИНАТЫ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КАРА-БАЛТА ТОО-КЕН КОМБИНАТЫ» – ак­ционердик коом (1997). Кара-Балта тоо-кен ком­бинатынын базасында түзүлгөн. Ишкана ура­ны бар кендерден уран чала оксидин, молиб­денди өндүрөт, дем алуу органдарын коргоочу «Лепесток» каражатын чыгарат. Комбинаттын курамына гидрометаллургия з-ду, борб. ил.-из. лабораториясы, «Чолпон» ф-касы, т. ж. цехи, басмакана, байланыш түйүнү, транспорт участ­касы, Тоо-тех. ж-а реабилитациялык иштер б-ча башкармалык ж-а профилакторий кирет. Продукциянын негизги түрүн гидрометаллургия з-ду иштеп чыгат. Бул ураны бар сырьёну кайра иштетүүчү ири ө. ж. комплекси 1955-ж. куру­луп, пайдаланууга берилген.