«КАРА-БАЛТА ТОО-КЕН КОМБИНАТЫ»
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«КАРА-БАЛТА ТОО-КЕН КОМБИНАТЫ» – акционердик коом (1997). Кара-Балта тоо-кен комбинатынын базасында түзүлгөн. Ишкана ураны бар кендерден уран чала оксидин, молибденди өндүрөт, дем алуу органдарын коргоочу «Лепесток» каражатын чыгарат. Комбинаттын курамына гидрометаллургия заводу, борбордук илим-изилдөө лабораториясы, «Чолпон» фабрикасы, темир жол цехи, басмакана, байланыш түйүнү, транспорт участкасы, тоо-техникалык ж-а реабилитациялык иштер боюнча башкармалык ж-а профилакторий кирет. Продукциянын негизги түрүн гидрометаллургия заводу иштеп чыгат. Бул ураны бар сырьёну кайра иштетүүчү ири өнөр жай комплекси 1955-жылы курулуп, пайдаланууга берилген.