КАНААТ ШАА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНААТ ШАА (т. ж. б. – 1863, өлгөн жери белгисиз) – Кокон хандыгынын аскер башчы­сы, Түркстан ш-нын акими (1846–47). Кокон хан­дыгынын Ташкенттеги бийлигине моюн сунуу­дан баш тартып, Бухара хандыгына кетүүгө ар­гасыз болгон. 1850-жылдардын аягы – 60-жыл­дын башында Коконго кайтып келип, Ташкент ш-нын акими катары бул хандыктын саясий турмушунда көрүнүктүү орун ээлеген. 1860-ж. ав­густта орус аскерине таянган чүйлүк кыргыздар Токмок ж-а Пишпек чебин Кокон хандыгынан бошотуп алганда, К. Ш. аскерлери м-н Ташкент­тен келип, бул чептерди кайрадан караткан. К. Ш. Пишпекти алгандан кийин Үч-Алматы­дан (азыркы Алматы аймагы) орус аскерин кууп чыгуу үчүн Узун-Агачтын жанында салгылаш­та (1860-ж. 18-октябрь) жеңилип, Пишпекке че­гинген. Бул чепте ал 1860-жылдын акырына чейин болгон. Молдо Нияз Мухаммед Хоканди­нин «Тарих-и Шахрухи» эмгегинде К. Ш-нын аталык деген чини болгондугу айтылат. Мусул­ман жыл санагы (хижра) б-ча 1279-ж. (1862– 63) К. Ш. Кудаяр хандын тапшырмасы м-н Бу­хара хандыгына барып, ошол жерден өлтү­рүлгөн.


Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргыз­стана. Т. 2. Б., 2003.

Э. Турганбаев.