КАМЫШАНОВКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:20, 29 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМЫША́НОВКА – Чүй облусунун Сокулук районун­дагы кыштак. Камышановка айыл округунун борбору. Деңиз деңгээлинен 555 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыштагынаннан 60 км түндүк тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 65 км. Кыш­так 1912-жылы негизделген. Калкы 1740 (2007); неги­зинен мал м-н алектенип, жашылча өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, бала бакча, клуб, китепкана, ашкана бар. Улуу Ата Мекендик со­гушта курман болгондорго эстелик тургузулган.