КАЛЬЯО
КАЛЬЯ́О – Перудагы шаар. Кальяо конституциялык провинциясын (өзгөчө административдик бирдикти) түзөт. Тынч океандын жээгиндеги кууш тилкеде жайгашкан. Калкы 390 миң (2008; провинциясында 849,6 миң). Лима борбордук агломерациясына кирет. Ири жолдор тоому (Панамерика шоссесинин бир бөлүгү да өтөт). Эл аралык аэропорту бар. Кальяо – Перунун «деңиз дарбазасы» ж-а Лиманын аванпорту. Өлкөнүн ири соода ж-а балык кармоочу башкы порту. Шаар 1537-жылы негизделип, 1671-жылы шаар статусун алган. 1746-жылы толугу м-н цунамиден талкаланып (5 миң жашоочудан 200дөй гана адам калган), кийинчерээк кайрадан курулган. 1820-жылдан көз каранды эмес Перунун курамында. Реаль-Фелипе (18-кылым) чеби, чиркөөлөр сакталган. Университеттер (анын ичинде католик, улуттук), аскер-деңиз мектеби, Олимпия академиясы, деңиз институту, китепкана, аскер-деңиз музейи, театр бар. Кальяо– өлкөнүн ири индустриялык борбору. Перудагы ири кеме ремонттоочу ишканалар (көптөгөн кургак доктору м-н) ири нефть ажыратуучу заводдору, навигациялык жабдуулар өндүрүшү, химия, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Балык кармалып, беленделет.