КАЛЬЯО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЬЯ́О – Перудагы шаар. Кальяо конститу­циялык провинциясын (өзгөчө административдик бирдикти) түзөт. Тынч океандын жээгиндеги кууш тилке­де жайгашкан. Калкы 557 миң (2023; провин­циясында 849,6 миң). Лима борбордук агломерация­сына кирет. Ири жолдор тоому (Панамерика шоссесинин бир бөлүгү да өтөт). Эл аралык аэро­порту бар. Кальяо – Перунун «деңиз дарбазасы» ж-а Лиманын аванпорту. Өлкөнүн ири соода ж-а балык кармоочу башкы порту. Шаар 1537-жылы негизделип, 1671-жылы шаар статусун алган. 1746-жылы толугу м-н цунамиден талкаланып (5 миң жашоочудан 200дөй гана адам калган), кийинчерээк кайрадан курулган. 1820-жыл­дан көз каранды эмес Перунун курамында. Ре­аль-Фелипе (18-кылым) чеби, чиркөөлөр сакталган. Университеттер (анын ичинде католик, улуттук), аскер-деңиз мектеби, Олимпия академиясы, деңиз институту, ки­тепкана, аскер-деңиз музейи, театр бар. Кальяо– өл­көнүн ири индустриялык борбору. Перудагы ири кеме ремонттоочу ишканалар (көптөгөн кургак доктору м-н) ири нефть ажыратуучу заводдору, на­вигациялык жабдуулар өндүрүшү, химия, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Балык кар­малып, беленделет.