КАЛЬЯО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЬЯ́О – Перудагы шаар. Кальяо конститу­циялык провинциясын (өзгөчө адм. бирдикти) түзөт. Тынч океандын жээгиндеги кууш тилке­де жайгашкан. Калкы 390 миң (2008; провин­циясында 849,6 миң). Лима борб. агломерация­сына кирет. Ири жолдор тоому (Панамерика шоссесинин бир бөлүгү да өтөт). Эл аралык аэро­порту бар. К. – Перунун «деңиз дарбазасы» ж-а Лиманын аванпорту. Өлкөнүн ири соода ж-а балык кармоочу башкы порту. Шаар 1537-ж. негизделип, 1671-ж. шаар статусун алган. 1746-ж. толугу м-н цунамиден талкаланып (5 миң жашоочудан 200дөй гана адам калган), кийинчерээк кайрадан курулган. 1820-жыл­дан көз каранды эмес Перунун курамында. Ре­аль-Фелипе (18-к.) чеби, чиркөөлөр сакталган. Ун-ттер (а. и. католик, улуттук), аскер-деңиз мектеби, Олимпия академиясы, деңиз ин-ту, ки­тепкана, аскер-деңиз музейи, театр бар. К.– өл­көнүн ири индустриялык борбору. Перудагы ири кеме ремонттоочу ишканалар (көптөгөн кургак доктору м-н) ири нефть ажыратуучу з-ддору, на­вигациялык жабдуулар өндүрүшү, хим., жеңил, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Балык кар­малып, беленделет.