КАЛЬМАРЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЬМАРЛАР (Teythida) – баш буттуу моллюс­калар түркүмү. Дене уз. 2 смден 5 мге жетет. Ири К-дын уз. 6–13 мге (тинтүүрү м-н), кээде 18 мге, салм. 300 кгдан 1 тга чейин жетет.

Ба­шында 8 буту, 2 тинтүүрү бар. Тинтүүрүндө төрт же андан көбүрөөк катар соргучтары бо­лот. Скелети мүйүз сымал ичке пластинка (гладиус). Барды­гынын радуласы ж-а сыя баштыкча­лары бар . Тайыз сууда жашоочу К. түсүн өзгөртүп ту­рат, тереңдегилери бир түстө же түс­сүз. Көбүнүн жарык чыгаруучу органдары бар. К-дын 25 тукуму, 85тен ашык уруусу, 250дөн ашык түрү Арктикадан Антарктидага чейин та­ралган. К. – үйүрү м-н жүргөн активдүү жырт­кычтар. Деңиз түбүндөгүлөрү – аз кыймылда­ган макропланктонофагдар. К. – кашолоттун, о. эле кээ бир деңиз жаныбарларынын негизги азыгы. К. – фармацевтика ө. ж-нын сырьё бу­лагы.